# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10832/edition/351194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (03.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56450

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы №148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 29-июлу № 327

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана

орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө

салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 18-апрелиндеги

"Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жана билим

берүү процесстерин башкарууну өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар

жөнүндө" Жарлагына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2005-жылдын 16-февралындагы № 55 Жарлыгынын 2-пунктун ат-

каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү

уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февра-

лындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик

жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин

шайлоо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүчү мамле-

кеттик билим берүү уюмунун (институт, академия, университет, консерва-

тория ж.б.) жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор ж.б.)

(мындан ары - жождун ректору) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук акты-

ларына ылайык шайланат.";

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жождун уюштуруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын билим

берүү башкармалыгынын борбордук органынын макулдугу менен жождун ректо-

рун шайлоо боюнча уюштуруу комитети түзүлөт (мындан ары - уюштуруу ко-

митети), ал эми белгиленген тартипте түзүлгөн камкордук көрүүчүлөр

кењеши иштеген жождордо уюштуруу комитетинин функциясын жождун камкор-

дук көрүүчүлөр кењеши аткарат.".

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
