# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы №326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тузуу жонундо" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы №326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тузуу жонундо" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10831/edition/1154394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы №326 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тузуу жонундо" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтом (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56449

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 29-июлу N 326 Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы N 390, 2007-жылдын 5-февралындагы N 35, 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575, 2010-жылдын 15-январындагы N 14, 2010-жылдын 6-сентябрындагы N 190, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 3-майындагы N 159 "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги:

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин структурасын анын курамында академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтун юридикалык жактын статусу менен университеттин башка бөлүмдөрүн караштырып аныктасын;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университеттин жана Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин 2005-жылдын 3-майына карата негизги фонддорун, материалдык-техникалык, транспорт каражаттарын жана каржылоо көлөмүн И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин балансына аныкталган тартипте акысыз өткөрүп берсин;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин негизги ишин И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетине жана Кыргыз мамлекеттик тоо-кен Универеитетине 2005-жылга карата башүыүүч.ү бюджеттих каражаттардын чегинде каржыласын.

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы N 390 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы N 35 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы N 575 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 "Кыргыз Республикасынын Тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 73-пунктундагы "И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университети" деген сөздөр "И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 110-пунктундагы "тоо-кен университети" деген сөздөр "И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-декабрындагы N 904 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 20-октябрындагы "Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-декабрындагы N 943 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-февралындагы N 72 "И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтому.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу

Ф. Кулов
