# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы, №323 "Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы, №323 "Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 323
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10829/edition/325309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 29-июлундагы, №323 "Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56446

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 29-июлу N 323

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында жаратылыш газын берүү

жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлиги менен "Кыргызгаз" акционердик коомунун

ортосундагы маселелерди жөнгө салуу жөнүндө

Республиканын калкын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу

жана "Кыргызгаз" акционердик коому менен республикалык бюджеттин орто-

сундагы эсептешүүлөрдү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- 2005-жылдын 9 айында калк үчүн жаратылыш газына бааларды мамле-

кеттик жөнгө салууга байланыштуу "Кыргызгаз" акционердик коомунун 29,9

млн. сом суммасындагы сарптоолорун жабууга зарыл каражаттарды тапсын

жана "2005-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүү тууралуу сунушту белгиленген тартипте киргизсин;

- "2005-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизгенге чейин квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство тарабынан калкка жара-

тылыш газынын сатылган көлөмү үчүн карыз фактысын ырастаган салыштырып

текшерилген актыларга жана калкка жаратылыш газын сатууга байланыштуу

"Кыргызгаз" акционердик коомунун сарптоолоруна ылайык белгиленген берүү

тарифтеринин ортосундагы айырманы компенсациялоо жүргүзүүгө уруксат

берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен ка-

зып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
