# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы № 320 "Борбордук Азия Университетине кыймылсыз мүлктү сатып алууга уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы № 320 "Борбордук Азия Университетине кыймылсыз мүлктү сатып алууга уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10828/edition/325308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы № 320 "Борбордук Азия Университетине кыймылсыз мүлктү сатып алууга уруксат берүү жөнүндө" токтому (26.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56445

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 26-июлундагы № 320

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Борбордук Азия Университетине кыймылсыз мүлктү

сатып алууга уруксат берүү жөнүндө

"Тажикстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Казахстан

Республикасынын жана Исмаилиттер Имамчылыгынын ортосундагы Борбордук

Азия Университетин түзүү боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында жана Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын облусунун Нарын шаардык

кењешинин төмөнкү сунуштары кабыл алынсын:

- Борбордук Азия Университетине Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарында белгиленген тартипте төмөнкү даректер боюнча жайгашкан

курулуштарды сатып алууга уруксат берүү жөнүндө:

Нарын шаары, 1-май көчөсү, № 19, Нарын шаарынын мэриясына

таандык аянты 4951,2 кв.м участкасы бар имарат;

Нарын шаары, Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, № 18, Акматбеков

Уланга таандык аянты 1124 кв.м болгон участкасы бар үй;

Нарын шаары, Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, № 20, Сламова

Каличаханга таандык аянты 734 кв.м болгон участкасы бар үй;

Нарын шаары, 1-май көчөсү, номери жок, Токтогонова Жењишкүлгө

таандык аянты 500 кв.м болгон курулушу бүтнөгөн жер участкасы;

Нарын шаары, 1-май көчөсү, номери жок, Сулайманова Гүназга

таандык аянты 500 кв.м болгон курулушу бүтнөгөн жер участкасы.

- Борбордук Азия Университетине жогоруда көрсөтөлгөн жалпы

аянты 7809,2 кв.м жер участкаларына дайыма пайдалануу укугун берүү

жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө к араштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенствосу Борбордук Азия Уни-

верситетинин жер участкаларына жана башка кыймылсыз объекттерге укук

белгилөөчү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте тариздесин.

Премьер-министр К.Бакиев
