Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Борбордук Азия Университетине кыймылсыз мүлктү сатып алууга уруксат берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 26-июлундагы № 320
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Борбордук Азия Университетине кыймылсыз мүлктү
сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
"Тажикстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Казахстан
Республикасынын жана Исмаилиттер Имамчылыгынын ортосундагы Борбордук
Азия Университетин түзүү боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында жана Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын облусунун Нарын шаардык
кењешинин төмөнкү сунуштары кабыл алынсын:
- Борбордук Азия Университетине Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген тартипте төмөнкү даректер боюнча жайгашкан
курулуштарды сатып алууга уруксат берүү жөнүндө:
Нарын шаары, 1-май көчөсү, № 19, Нарын шаарынын мэриясына
таандык аянты 4951,2 кв.м участкасы бар имарат;
Нарын шаары, Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, № 18, Акматбеков
Уланга таандык аянты 1124 кв.м болгон участкасы бар үй;
Нарын шаары, Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, № 20, Сламова
Каличаханга таандык аянты 734 кв.м болгон участкасы бар үй;
Нарын шаары, 1-май көчөсү, номери жок, Токтогонова Жењишкүлгө
таандык аянты 500 кв.м болгон курулушу бүтнөгөн жер участкасы;
Нарын шаары, 1-май көчөсү, номери жок, Сулайманова Гүназга
таандык аянты 500 кв.м болгон курулушу бүтнөгөн жер участкасы.
- Борбордук Азия Университетине жогоруда көрсөтөлгөн жалпы
аянты 7809,2 кв.м жер участкаларына дайыма пайдалануу укугун берүү
жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө к араштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенствосу Борбордук Азия Уни-
верситетинин жер участкаларына жана башка кыймылсыз объекттерге укук
белгилөөчү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте тариздесин.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- О ратификации Договора между Республикой Таджикистан, Кыргызской Республикой, Республикой Казахстан и Имаматом Исмаилитов по созданию Университета Центральной АзииЗакон · 14.01.2001 · № 8
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон