# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы №318 " Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын электрондук маалыматтар базасын түзүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы №318 " Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын электрондук маалыматтар базасын түзүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10826/edition/1149644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы №318 " Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын электрондук маалыматтар базасын түзүү жөнүндө" (26.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56443

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 26-июлу № 318

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу

нормативдик укуктук актыларынын электрондук

маалыматтар базасын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 74 ток-

томуна ылайык, ошондой эле мыйзам чыгаруу иш-аракетинин абалы жөнүндө

өз ара аракетти жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде чыгарылып жаткан

нормативдик укуктук актылардын электрондук маалыматтар базасы (мындан

ары - маалыматтар базасы) түзүлсүн, ал коомдук талкуулоо үчүн кийин

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгашты-

рылсын.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, мамлекеттик комисииялар, ошондой эле мамлекеттик башка органдар

жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине макулдашууга жибе-

рилчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтарды

алардын тексттеринин электрондук форматын кошо берип, маалымат базасы-

нын каралган бардык формаларын толтуруу менен маалыматтар базасына жай-

гаштырышсын;

- маалыматтар базасын кароо жана жањылоо, ошондой эле иштелип чы-

гуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтар

базасына маалыматтарды киргизүү үчүн юридикалык кызматтардын

(бөлүмдөрдүн) жооптуу кызматкерлерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке

ашыра тургандыгы белгиленсин:

- мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн)

жооптуу кызматкерлерин окутат, ошондой эле маалыматтык базасы менен

иштөө үчүн идентификациялык аталыштарды жана паролдорду ыйгарат;

- маалыматтар базасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын

иш-аракетин координациялайт;

- маалыматтар базасын өз учурунда толтуруу мониторингин жүргүзүп,

мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү маалыматтар база-

сын түзүүгө байланыштуу маалыматтарды сурап алат жана көрсөтмөлөрдү бе-

рет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнө жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
