Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын электрондук маалыматтар базасын түзүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-07-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 26-июлу № 318
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын иштелип чыгуучу
нормативдик укуктук актыларынын электрондук
маалыматтар базасын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 74 ток-
томуна ылайык, ошондой эле мыйзам чыгаруу иш-аракетинин абалы жөнүндө
өз ара аракетти жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде чыгарылып жаткан
нормативдик укуктук актылардын электрондук маалыматтар базасы (мындан
ары - маалыматтар базасы) түзүлсүн, ал коомдук талкуулоо үчүн кийин
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгашты-
рылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комисииялар, ошондой эле мамлекеттик башка органдар
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине макулдашууга жибе-
рилчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтарды
алардын тексттеринин электрондук форматын кошо берип, маалымат базасы-
нын каралган бардык формаларын толтуруу менен маалыматтар базасына жай-
гаштырышсын;
- маалыматтар базасын кароо жана жањылоо, ошондой эле иштелип чы-
гуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтар
базасына маалыматтарды киргизүү үчүн юридикалык кызматтардын
(бөлүмдөрдүн) жооптуу кызматкерлерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке
ашыра тургандыгы белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн)
жооптуу кызматкерлерин окутат, ошондой эле маалыматтык базасы менен
иштөө үчүн идентификациялык аталыштарды жана паролдорду ыйгарат;
- маалыматтар базасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын
иш-аракетин координациялайт;
- маалыматтар базасын өз учурунда толтуруу мониторингин жүргүзүп,
мамлекеттик органдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү маалыматтар база-
сын түзүүгө байланыштуу маалыматтарды сурап алат жана көрсөтмөлөрдү бе-
рет.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнө жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-мартындагы № 142 " 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана…Постановление · 03.03.2006 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 17 февраля 2003 года № 74 "Вопросы Министерства юстиции Кыргызской Республики"Постановление · 17.02.2003 · № 74 · Күчүн жоготкон