# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы №315 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы №315 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 315
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10822/edition/1154382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы №315 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (25.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56439

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-июлу №315

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөту токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген

корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кенешине

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жјнүндј" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаты А.А.Сабиров тарабынан демилге көтөрүлгјн "Кыргыз

Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жјнүндј" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке

алуу менен аны кабыл алуу тјмөнкүдјй негиздер боюнча максатка

ылайыксыз деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 103-статьясы менен

экономикалык иш-аракетке байланыштуу зыяндар тиешелүү жылдын жалпы

жылдык кирешесинен чыгарып салуулар катарында 5 календардык жылга

чейинки мјјнјткө узартылат (кийинкиге жылдырылат).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2000-жылдын 18-

апрелиндеги № 120 буйругу менен бекитилген Салык алынуучу пайданы

аныктоодо чыгарып салынууга тийиш болгон киреше алууга байланыштуу

чыгымдарды аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун үчүнчү бөлүгүнј ылайык

өзгјчј тартиптеги зыян тартууларга ишкананын демейдеги иш-аракетинин

wechmem чыгып кеткен операциялардын же окуялардын натыйжасында келип

чыгуучу адаттан тышкы төмөнкүдөй чыгымдар кирет:

а) табигый кырсыктардан тарткан зыяндар, уурдоолор;

б) мыйзамдардын өзгјрүшүнүн (улутташтыруу жөнүндө чечимдерди кабыл

алуу, иш-аракеттердин түрлөрүнө тыюу салуу жјнүндј ж.б.у.с.)

натыйжасында жоготуулар.

Өзгјчј тартиптеги зыян тартуулар продукция (товарларды) сатуудан

түшкјн кирешелерге ылайык кайра эсептөөгө жатпайт, ал эми ошол

салыктык мезгилде эсептен чыгарылууга тийиш болот. Бул норма табигый

кырсыктардан жана уурдоолордон тарткан зыянды жалпы жылдык кирешеден

эсептен чыгарып салууга мүмкүндүк берет.

Буга жараша мындай зыяндарды андан ары кийинкиге жылдыруу талап

кылынбайт, анткени зыяндардын суммасы алар аныкталган учурда эсептен

чыгарып салууга жатпайт.

Мындан тышкары өзгөчө тартиптеги зыяндарды толук эсептен

чыгарылганга чейин мөөнөттү чектебестен жалпы жылдык кирешеден чыгарып

салуу табигый кырсыктардан тарткан зыяндарды жана өндүрүштүк негизги

иштен тарткан зыяндарды ажыратуу бөлүгүндө аларды администрациялоодо

кандайдыр бир кыйынчылыктарды түзөт. Бул салык төлөөчүлөр менен салык

кызматтарынын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктерге жана талаш-

тартыштарга алып келет, ошондой эле салык төлөөдөн четтеп кетүү

жагынан салык төлөөчүлөр тарабынан кыянаттык менен пайдалануулардын

өсүп кетишине көмөктөшөт.

"Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана 2005-жылдын 24-25-

мартындагы окуялардын натыйжасында жапа чеккен чарбакер субъекттерди

колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-

майындагы № 176 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учеттук ставкасы

боюнча проценттерди албастан бажы төлөмдөрү менен салыктарды жана

уурдап-тоноолордун, тартипсиздиктердин убагында жапа чеккен чарбакер

субъекттерге айып санкцияларын төлөөнү кийинкиге жылдыруу жана/же

мөөнөт берүүнү караган "Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана 2005-

жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жапа чеккен чарбакер

субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоору киргизилгендигин белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын

долбоору киргизилди.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 103-статьясына

толуктоолорду киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Премьер-министр К.Бакиев
