# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 314 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 314 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 314
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10821/edition/1154380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 314 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу" токтому (25.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56438

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-июлундагы № 314

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз

сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

макулдугу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз

сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр К.Бакиев

@1 Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз

сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаты А.А.Сабиров демилге көтөргөн «Кыргыз

Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн

чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап

чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-

пунктуна ылайык аны төмөнкүдөй пикирлерди эске алуу менен кабыл алса

болот деп эсептейт.

Статьянын биринчи сүйлөмүндөгү «ошондой эле товарларды соттун

чечиминин негизинде берүүдө» деген сөздөр алып салынсын, анткени

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын «Салык салынуучу

жөнөтүүлөр» деген отуз экинчи бөлүгүнө ылайык салык салынуучу субъект

ишке ашыруучу салык салынуучу жөнөтүүлөр деген:

а) Кыргыз Республикасынын аймагында говирларды жонөтүүнү;

б) Кыргыз Республикасында акы төлөп жүзөгө ашырылуучу жумуштарды

жана кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет.

Ушуга байланыштуу товарды соттун чечиминин негизинде берүү КНС

жалпы негизде салынчу жөнөтүү болуп эсептелет.

Ушул статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жоголгон товарлардын суммасы Кыргыз Республикасынын Эсептөө

палатасынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамдекеттик салык инспекциясынын

өкүлдөрүнөн, салыктык консультанттан жана аудитордон турган көз

каранды эмес эксперттик комиссиянын корутундусу менен ырасталууга

тийиш.».

Премьер-министр К.Бакиев
