Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-07-25.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 25-июлундагы № 314
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз
сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
макулдугу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз
сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр К.Бакиев
@1 Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз
сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты А.А.Сабиров демилге көтөргөн «Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн
чечмелөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап
чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-
пунктуна ылайык аны төмөнкүдөй пикирлерди эске алуу менен кабыл алса
болот деп эсептейт.
Статьянын биринчи сүйлөмүндөгү «ошондой эле товарларды соттун
чечиминин негизинде берүүдө» деген сөздөр алып салынсын, анткени
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын «Салык салынуучу
жөнөтүүлөр» деген отуз экинчи бөлүгүнө ылайык салык салынуучу субъект
ишке ашыруучу салык салынуучу жөнөтүүлөр деген:
а) Кыргыз Республикасынын аймагында говирларды жонөтүүнү;
б) Кыргыз Республикасында акы төлөп жүзөгө ашырылуучу жумуштарды
жана кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет.
Ушуга байланыштуу товарды соттун чечиминин негизинде берүү КНС
жалпы негизде салынчу жөнөтүү болуп эсептелет.
Ушул статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жоголгон товарлардын суммасы Кыргыз Республикасынын Эсептөө
палатасынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамдекеттик салык инспекциясынын
өкүлдөрүнөн, салыктык консультанттан жана аудитордон турган көз
каранды эмес эксперттик комиссиянын корутундусу менен ырасталууга
тийиш.».
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын отуз сегизинчи бөлүгүн чечмелөө жөнүндөЗакон · 30.11.2005 · № 156 · Күчүн жоготкон