# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-июлундагы, №307 "Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги турак жай эмес имаратты Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-июлундагы, №307 "Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги турак жай эмес имаратты Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10817/edition/398823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-июлундагы, №307 "Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги турак жай эмес имаратты Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (01.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56432

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-июлу N 307

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги

турак жай эмес имаратты Кыргыз Республикасынын

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо

агентствосуна өткөрүп берүү жөнүндө

Жакырчылыкты жоюу, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо, жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин чыњдоо жана жергиликтүү

жамааттарды күчтөндүрүү максатында Дүйнөлүк банк каржылаган Айылдык ин-

вестициялар долбоорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Коомчулукту

өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна ыњгайлуу шарт түзүү үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети:

- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегинде жайгашкан турак

жай эмес имаратты - мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Коомчу-

лукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун уставдык капиталына

анын иштөө мезгилинде Кыргыз Республикасынын уюштуруучулук взносун то-

луктоо иретинде башка бирөөгө берүү укугусуз аныкталган тартипте

өткөрүп берсин;

- турак жай эмес имараттын баалануучу наркын аныктасын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 02-февралындагы №70 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармасына Бишкек шаа-

ры, Бөкөнбаев көчөсү, 102 дарегиндеги турак жай эмес имараттын жанында-

гы жер участогун бөлүп берүү үчүн документтерди тариздеп, аймактарды

белгиленген тартипте бөлүштүрүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-июнундагы N 386

"Турак жай эмес имаратты "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун ба-

лансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп

эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
