# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыдын 15-июлундагы №305 " Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыдын 15-июлундагы №305 " Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10816/edition/794234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыдын 15-июлундагы №305 " Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө" токтому (21.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56430

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-июлу № 305

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө

байланыштуу маселелер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы

жарандык паспорт менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 1 жылдык колдонуу мөөнөтү ме-

нен берилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун колдонулуш мөөнөтүн 10 жылга

узартууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү

жалпы жарандык паспортторун узартуу үчүн акы мамлекеттик пошлинанын

белгиленген ставкаларына ылайык алына тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортто-

рун узартуу жөнүндө тиешелүү штамптарды даярдасын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортто-

рунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу жөнүндө чет мамлекеттердин тышкы иш-

тер министрликтерине маалымдасын.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо иштери боюнча

бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
