Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыдын 15-июлундагы №305 « Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 21 апреля 2017 года № 238 "Об утверждении Инструкции о порядке приема документов, оформления, изготовления (персонификации), учета, выдачи и уничтожения идентификационной карты - паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2017 года (ID-карта) и общегражданского паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2006 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-04-21.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 23-июлу № 305
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын
үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүүгө
байланыштуу маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы
жарандык паспорт менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 1 жылдык колдонуу мөөнөтү ме-
нен берилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын
үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун колдонулуш мөөнөтүн 10 жылга
узартууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү
жалпы жарандык паспортторун узартуу үчүн акы мамлекеттик пошлинанын
белгиленген ставкаларына ылайык алына тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортто-
рун узартуу жөнүндө тиешелүү штамптарды даярдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортто-
рунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу жөнүндө чет мамлекеттердин тышкы иш-
тер министрликтерине маалымдасын.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо иштери боюнча
бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуПостановление · 21.04.2017 · № 238
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон