# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10815/edition/325292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" токтому (01.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56429

---

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 1-мартындагы №136

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-июлу № 304

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун наркын

белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы

жарандык паспортунун наркы 330 сом өлчөмүндө белгиленсин (англиянын "Де

Ля Ру" компаниясынан алынган 10000 нуска санындагы бланктар үчүн).

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы

жарандык паспортун берүүдө мамлекеттик пошлина "Мамлекеттик пошлинанын

ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жыл-

дын 18-июлундагы № 521 токтомуна ылайык эњ аз эмгек акынын бир эсе

ставкасынын өлчөмүндө алынат.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
