Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 января 2006 года №32 "Вопросы Службы финансовой полиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-01-20.
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын
16-июлундагы № 296
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын
финансылык полиция органдарында
кызмат өтөө жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында
кызмат өтөөнүн укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарындагы кызмат
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында (мындан ары -
Финансылык полиция) кызматтарда турган Кыргыз Республикасынын
жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.
2. Финансылык полицияда кызматтын укуктук негизин Кыргыз
Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укутук актылары жана ушул
Жобо түзөт.
3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук принциптерине, адам
укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук,
маалымдуулук, Финансылык полициянын тийиштүү мамлекеттик бийлик
органдарына отчеттуулугунун жана анын көзөмөлүндө болуу, кызматтык
тартипти сактоо принциптерине ылайык түзүлөт.
4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо
белгиленген тартипте атайын наамдар ыйгарылган, Финансылык полициянын
аттестацияланган курамынын штаттык кызматтарында турган Кыргыз
Республикасынын жарандары эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын
формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген
үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр берилет.
Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын
белгиленген тартипте атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды
сактоого жана алып жүрүүгө уруксат этүүчү жана Финансылык полицияда
ыйгарылган наамына жараша кызмат өтоп жаткандыгын тастыктоочу расмий
документ болуп эсептелет.
Кадрлар бөлүмчөсүнүн башчысы кызматка жањы алынган кызматкерге
кызматтык күбөлүктү тапшырууда документти пайдалануунун жана аны
сактоонун эрежелери боюнча инструктаж өткөзөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине тиешелүү даярдыктан өткөндөн
кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
табелдик ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды дайыма алып
жүрүүгө жана сактоого укук берилет.
5. Финансылык полицияга кызматка анык аскердик кызматты өтөгөн,
укук коргоо, салык, финансы же бажы органдарында кеминде эки жылдык
эмгек стажы бар, 35 жаштан ашпаган, өзунүн жеке, ишкер, кесиптик
сапаттары боюнча жөндөмдүү, билими жана ден-соолугу кызмат милдеттерин
аткарууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу
негизде кабыл алынат.
Финансылык полицияга кызматка кабыл алуу жарандар милдеттүү түрдө
атайын текшерүүдөн, ошондой эле кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо
үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же болбосо Улуттук
коопсуздук кызматы системаларынын аскер-дарыгерлик комиссияларында
медициналык текшерүүдөн өткөн шартта ишке ашырылат.
Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамынын
кызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку
билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полиция кызматкерин жумушка кабыл алуу Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык
полициянын жетекчисинин буйругу менен таризделет. Буйрук кызматкерге
кол койдуруу менен тааныштырылат.
Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободо
белгиленген тартипте ант беришет.
Финансылык полицияга кызматка жањы кабыл алынып жаткан адамдарга 3
айдан ашпаган сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү
кызматка катардагы жана кенже башкаруучу курамынын атайын наамын
ыйгаруу менен бирге дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкер насаатчы
бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка
төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугу
чектелүү деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен мунапыс
боюнча бошотулса;
- ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;
- башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар,
бир туугандар, байке-инилер, эже-сињдилер, уул-кыздар, ошондой эле
жубайынын ата-энеси, бир туугандары жана балдары) болгон
кызматкерлерге кызматтары туздөн-түз бири-биринин баш ийүүсүндө же
бири-биринин контролдугунда турса бир эле Финансылык полиция органында
кызмат өтөөгө уруксат кылынбайт.
Финансылык полиция кызматкери төмөнкүгө укуксуз:
а) чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланыштуу
кызматтардан тышкары башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлоөгө;
б) жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө;
в)кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсу болууга; .
г)финансылык полиция органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча
нимдүү адамы же өкүлү болууга;
д) кызматтык эмес максатта финансылык, материалдык-техникалык жана
маалымат менен камсыздандыруу каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү
ошондой эле кызматтык маалыматты колдонууга;
е) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын
ишине өзүнүн кызматгык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кызмат
убактысында катышууга; мамлекеттик кызматтык ишмердүүлүктүн партиялык
программаларга жана чечимдерге баш ийүүсүнө тыюу салынат;
ж) кызматгык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишке
ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана
кызмат көрсөтүүлөрдү сый акы катары алууга;
Ушул статьянын жоболорун бузган учурда жана ээлеген кызматына
шайкеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасагандыгы үчүн Финансылык
полиция кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан
кызматтан бошотулууга жатат.
7. Кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы кызмат орундарынын
тизмеси жана ушул кызматтарга шайкеш келген атайын наамдар Финансылык
полициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
8. Финансылык полициянын атайын наамы бар адамдардын кызматтары
ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык белгиленген тизме менен аныкталат.
Кызматка кабыл алынган Финансылык полициянын катардагы, кенже жана
улук башкаруучу курамдагы адамдарга кызматка дайындалгандан үч айдан
кийин Финансылык полициянын жетекчисинин буйругу менен атайын наам
ыйгарылат.
Финансылык полиция кызматкери кызматка дайындалганда аны негизги же
жакын адистиги же болбосо болгон тажрыйбасына ылайык пайдалануу камсыз
кылынат, ал эми зарыл учурларда ал үчүн жањы болгон адистик боюнча
тийиштүү кайра даярдыктан өтүүгө тийиш.
Айрым учурларда Финансылык полициянын кызматкери кызматы боюнча
милдетти аткаруучу болуп дайындалышы мүмкүн. Мында бош кызмат оруну
боюнча милдеттерди аткаруунун үзгүлтүксүз мөөнөтү эки айдан, ал эми
бош эмес кызмат оруну боюнча төрт айдан ашпоого тийиш.
9. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер
төмөнкүдой ант беришет:
"Мен, (аты-жөнү) Финансылык полицияга кызматка кирип жатып Кыргыз
Республикасынын элине берилгендигиме аит берем. Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жана мыйзамдарын, адамдардын жана жарандардын укугун
сактоого, начальниктин буйруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант
берем.
Чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекендин экономикалык
таламдарынын чегинде кылдаттык менен турууга, кызматтык сырды бекем
сактоого ант берем.
Эгерде мен антымды бузсам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын".
Ант берөүнүн тартиби жана аземи Финансылык полициянын жетекчиси
тарабынан аныкталат.
10. Финансылык полициянын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу
төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) жогорку кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде;
б) тењдеш кызматка - кызматкерди кыйла максатка ылайыктуу
пайдалануу зарылдыгы келип чыкканда же болбосо үй-бүлөлүк абалы, ден-
соолук абалы же курагы боюнча алардын макулдугу менен;
в) томөнкү кызматка:
- штаттар кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулганда бул
адамдарды тењдеш кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо алардын
макулдугунан;
- аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден-
соолугунун абалы боюнча;
- аттестациялоо тартибинде кызматына дал келбегендиги боюнча;
- дисциплинардык жаза тартибинде;
- жеке отүнүчү боюнча;
г) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына командировкага
жиберүү тартибинде.
Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу бардык
учурларда жылдыруунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу
таризделет. Буйрук кызматкерге кол койдуруу менен билдирилет.
Төмөнкү кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкери кийин
анын кызматгык квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жеке
сапатгарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча
жогору кызматка жылдырылышы мүмкүн.
11. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полицияны жоюу,
кайра уюштуруу же болбосо штатгык санын кыскартууга байланыштуу
уюштуруучулук-штаттык иш чараларды 4 айдан ашпаган мөөнөткө Финансылык
полициянын кадрлар карамагына киргизилет. Өзгөчө учурларда
кызматкерлердин жеке себептери менен берилген рапортгун негизинде
кадрлар карамагына киргизүүго уруксат берилет.
Кадрлар карамагындагы Финансылык полиция кызматкерлерине акчалай
үлүштордү толоп берү-ү кадрлар кызматына тапшырылган табелдин
негизинде жүргүзүлөт:
- биринчи :жи ай үчүн - акыркы ээлеген кызматы боюнча маянанын жана
атайын наамы боюнча маянаны өлчөмүндө;
- андан кийинки аки ай үчүн - атайын наамы боюнча маянанын
олчомүндо.
Кызматкердин кадрлар карамагында болгон мөөнөткө убактылуу ишке
жарамсыздыктын мөөнөтү, кезектеги ар жылдык жана башка отпускаларда
ankcnm убакыт, кылмыштык жоопкерчиликке тартылгандыгына байланыштуу
камакта болгон болгон мөөнөт, кылмыш иши токтотулган учурда же болбосо
сот гарабыпан актоочу өкүм чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн
тартып бошотулган күнүнө чейинки мөонөттөр эсепке алынбайт.
Кадрлар карамагындагы болгон төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин
штаттык кызматтарга дайындалбаган кызматкерлер кызматтан бошотулууга
жатат.
Кадрлар карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук менен жазуу түрүндө
тааныштырууда кызматкер төрт айлык мөөнөт өткөндөн кийин Финансылык
полициядан кызматтан бошотулууга жатаары тууралуу маалымдалат.
Финансылык полициянын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген
кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз
Республикасынын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө
токтом чыгарылганда иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (териштирүү кызматкердин өзүнүн
талабы менен дайындалган учурдан тышкары) - териштирүүнү жүргүзүүнүн
толук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматкердин кызматтык милдеттерин
аткарууга мүмкүнчүлүк бербеген тартипти одоно түрдө бузган учурда,
кызматта алкоголдук, бањгилик жана токсикалык мас абалында болгон
учурларда.
Кызматкерди кызматтан убактылуу четтетүү учурунда ушул пункттун 6-
пунктчасына ылайык анын эмгек акысы сакталат. Башка учурларда эмгек
акы сакталбайт.
12. Финансылык полициянын кызматкерин башка жерлерге которууга анын
өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү органдарынын
начальниктеринин макулдугу боюнча жол берилет.
13. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлери Финансылык
полициянын кадрларында калтырылуу менен Финансылык полициянын
ишмердигине түздөн-түз байланыштуу болгон атайын мүнөздөгү иштерди
аткаруу үчүн мамлекеттик жогорку органдарга иштоогө жибсрилиши мүмкүи.
Финансылык полициянын кызматкерлерин мамлекеттик бийлик жана
башкаруу органдарына иштөөгө жиберүү жана алардын бул органдарда
кызмат өтөө тартиби ички иштер жана улутгук коопсуздук органдары үчүн
белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
14. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо,
кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын
жана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.
15. Финансылык полиция органдарынын катардагы, орто жана улук
башкаруучу курамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызматына
шайкеш келүүсүн жана кызматгык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоого, алардын
кесиптик даярдыгынын дењгээлине, укуктук маданиятына баа берүүгө,
адамдар менен иштей билүү жөндөмүн аныктоого, кызматкерлердин иштөө
натыйжалуулугун жогорулатууга, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана
тарбиялоону жакшыртууга, алардын квалификациясын, демилгесин,
чыгармачыл активдүүлүгүн жана тапшырылган ишке жоопкерчилигинин
жогорулашына түрткү берүү максатында жүргүзүлөт.
Аттестациялоодо баа берүүнүн негизги критерийи болуп
кызматкерлердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу болуп эсептелет.
Кызматкерлерди аттестациялоо Финансылык полицияда кызматта ар бир
уч жыл өткөндөн кийин бир жолу жүргүзүлөт (бирок көрсөтүлгөн мөөнөттөн
6 айдан кеч эмес).
Аттестациялык комиссия Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан
түзулөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жана
өткөзүү тартиби Финансылык полициянын башчысы тарабынан бекитилет.
Аттестациялык комиссия аттестациялоону аттестациядан өтүп жаткан
кызматкердин катышуусу менен жүргүзөт.
Аттестациялык комиссиянын заседаниесине жөндүү себеп менен
катышпаган кызматкерлер (отпуска, оору, командировка) атгестациядан
кызматка келгенден кийин өтүшөт.
Кызматкер аттестациялык комиссиянын заседаниесине себепсиз келбеген
учурда комиссия болгон материалдардын негизинде аттестация
өткөрүлгөндүгү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
II. Финаисылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук
башкаруучу курамына атайыи наамдарды ыйгаруу (ажыратуу) тартиби
16. Катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын
кызматтарына дайындалган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынына ылайык төмөнкү атайын наамдар
ыйгарылат:
а) катардагы жана кенже башкаруучу курам: финансылык полициянын
катардагысы, финансылык полициянын кенже сержанты, финансылык
полициямын сержанты, финансылык полициянын улук сержанты, финаисылык
полициянын старшинасы, финансылык полициянын прапорщиги, финансылык
полициямын улук прапорщиги;
б) орто башкаруучу курам: финансылык полициянын кенже лейтенанты,
финансылык полициянын лейтенанты, финансылык полициянын улук
лейтенанты, финансылык полициямын капитаны;
в) улук башкаруучу курам: финансылык полициянын майору, финансылык
полициянын подполковниги, финансылык полициянын полковниги;
г) жогорку башкаруучу курам: финансылык полициянын генерал -майору.
Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу,
жекелик турдо алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон
мамилесии, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын эске алуу
менен жана ушул Жободо каралган башка шарттардын негизинде ыйгарылат.
Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын наамдар алгачкы жана кезектеги
болуп бөлүнөт.
Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын
наамындагы белгиленген мөөнөтү буткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же
болбосо ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир
баскычка жогору наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана
кызматтык милдеттерин улгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоого алуу
катарында Финансылык полициянын башчысы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Жогорку башкаруучу курамдын адамдарына (финансылык полициянын
генерал-майорун кошо алганда ага чейинки) атайын наамдар Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына кабыл
алынган жаранга алгачкы атайын наам финансылык полициянын
подполковнигинен жогору атайын наамдан жогору эмес, запас боюнча
андан жогорку аскердик наамы болбогон учурда ыйгарылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине ушул
Жободо каралган учурлардан тышкары, ордун алмаштыруучу штаттык кызмат
боюнча каралган алардын наамына ылайык ыраатгуу турдө жана мурдагы
наамындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин
аскердик наамдарындагы иштеген жылдарынын мөөнөтү алардын Финансылык
полицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга
штаттык кызмат боюнча каралган наамынан жогору болбогон кезектеги
атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
Мурдагы аскер кызматчыларына, ички иштер жана улуттук коопсуздук
органдарынын, салык жана финансылык полициянын, жетекчилик курамынын
адамдарына, ошондой эле аскердик, атайын наамдары же класстык чиндери
бар Финансылык полицияга кызматка алынган Кыргыз Республикасынын башка
мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик комиссияларынын
кызматкерлерине атайын наам алардын мурдагы аскердик, атайын наамдарын
же класстык чиндерин эске алуу менен ыйгарылат.
Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн
белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык
кызматында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наам туура келгенде
ыйгарылат.
Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка
жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынын
белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда
ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка
fncnps жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда
кызмат өтөө жылдарынын мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт.
Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу
жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу жыйырма жылдык жана андан ашык
иштеген, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана
аттестациядан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги
атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюича каралган наамга карабастаи
курагы же оорусу боюнча аларды кызматтан бир эле учурда бошотуу менен
Финансы полициясынын жетекчиси тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаручу
курамдагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери
ошол наамында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу
курамдын алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине
кызматка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган
учурда, алып салына элек дисциплинардык жазасы болгондо, кылмыш-жаза
иши, реабилитациялоочу негиз боюнча кызматтык иликтөө иши (бирок бир
айдан ашык эмес) бүтмойүнчө ыйгарылбайт.
Финансылык полиция органынын жетекчиси кызматкерине кезектеги
атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечењдеткендиги учүн
дисциплинардык жоопкерчилик тартат.
17. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку
башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй
мөөнөттөрү белгиленет:
финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жыл;
финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жыл;
финансылык полициянын прапорщиги наамында - беш жыл;
финансылык полициянын кеиже лейтенанты наамында - бир жыл;
финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жыл;
финансылык полициянын улук лейтенанты наамында - үч жыл;
финансылык полициянын капитаны наамында-үч жыл;
финансылык полициянын майору наамында - үч жыл;
финансылык полициянын подполковниги намында -торт жыл.
Жогорку окуу жайын аяктагандыгы боюнча финансылык полициянын
лейтенантынын алгачкы атайын наамы ыйгарылган финансылык полициянын
кызматкерлери үчүн финансылык полициянын лейтенантынын наамында
иштеген жылдарынын мөөнөтү бир жылга белгиленет.
Финансылык полициянын катардагы, улук прапорщиги, полковниги,
генерал-майору атайын наамында иштөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.
18. Финансылык полиция кызматкеринин бир баскычка атайын наамын
төмөндөтүү Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан көрүлгөн
дисциплинардык жаза чарасы катарында колдонулат. Атайын наамдагы иштөө
мөонөтү мындай учурда атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү боюнча
буйрукка кол коюлган күндөн баштап эссптелет.
Атайын наамы төмөндөтүлгөн кенже, орто жана улук башкаруучу
курамдагы финансы полициясынын кызматкерлери ээлеген кызматына
карабастан фимансылык полициянын жетекчисинин буйругу менен наамы
төмөндөтүлген күндөн баштап бир жылдан кем эмес мөөнөттө баштапкы
наамы белгиленген тартипте калыбына келтирилет.
Финансылык полициянын кызматкерлеринин баштапкы наамы калыбына
келтирилгенге жана ага кезектеги атайын наам ыйгарылганга чейин атайын
наамында кайтадан төмөндөтүү жүргүзүлбөйт.
Кызматкерлерди атайын наамынан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө
кирген соттун айыптоо өкүмүн аткаруу Финансылык полициянын жетекчиси
тарабынан жүргүзулөт.
Финансылык полициянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын
жарандыгын токтоткондо же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде
атайын маамдардан ажыратылышы мүмкүн.
III. Финансылык полицияда кызмат тартиби
19. Финансылык полициянын кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында, Антта, ошондой эле Финансылык полициянын жетекчисинин
буйруктарында жана ушул Жободо белгиленген нормаларды жака -эрежелерди
кызматкерлеринин сакташын билдирет.
20. Финансылык полиция органынын начальниги ага баш ийгендердин
арасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тартат.
Начальник :
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл
болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине
жоопкерчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык -
айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр - баркын коргойт;
- жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнүн алдын алууга,
Финансылык полициянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же
кемчиликтерин сындоо боюнча баш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт
коёт.
21. Милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иштеринде жогорку
натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полицияиын
кызматкерлерине сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:
а) алкыш жарыялоо;
б) акчалай сыйлыктарды беруу;
в) кымбат-баалуу белектер менен сыйлоо;
г) ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо;
д) Грамота же Ардак грамота менен сыйлоо;
е) мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу;
ж) ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир
баскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгаруу;
з) Финансылык полициянын төш белгиси менен сыйлоо;
и) мурунку дисциплинардык жазасын алып салуу.
Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда
көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сињирген өзгөчө
эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына
көрсөтүлүшү мүмкүн.
Кызматтык милдетин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти
бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жаза
чаралары колдонулушу мүмкүн:
а)эскертүү;
б) сөгүш;
в) катуу сөгүш;
г) кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү;
д) атайын наамын төмөндөтүү;
е) кызматынан төмөндөтүү;
ж) Финансылык полициядан иштен кетирүү.
Сыйлоолор жана дисциплинардык жаза берүүлөр буйрук менен
жарыяланат. Жазага дуушар болгон адамга кабыл алынган чечим үч күндук
мөөнөттө (кол койдуруу менен) Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөсү
тарабынан билдирилет.
Сыйлоо тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан өзүнүн
компетенциясынын чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын
кызматкерлерине дисциплинардык жаза Финансылык полициянын
дисциплинардык уставына ылайык колдонулат.
22. Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча иачальниктердин
укуктары Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан белгиленет.
Эгерде Финансылык полициянын кызматкерине, аньш начальнигинин
укуктарынын чегипен сырткары сыйлоо же жаза колдонуу чараларын
колдонуу зарыл болсо, анда ал ушул тууралуу өзүнөн жогорку жетекчиге
өтүнүч кат киргизет.
Эгерде мурда жарыяланган жаза чарасы жасалган жосундун оордугуна
ылайык келбесе, жогору турган жетекчи төмөнкү начальник тарабынан
колдонулган дисциплинардык жазаны алып салууга укуктуу.
Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча укуктарын ашыкча
колдонгон начальник ал үчун дисциплинардык жоопкерчилик тартат, ал эми
сыйлоо жаиа жаза корүү тууралуу буйруктар Финансылык полициянын
жетекчиси тарабынан жокко чыгарылат.
Финансылык полициянын кызматкери ага карата колдонулган
дисциплинардык чара корүүнү жогору 1урган начальникке Финансылык
полицияпын жетекчисине чейии жс болбоео сотко датганууга укуктуу.
IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары
23. Финансылык полициянын ички тартиби иштин өзгөчөлүктөрүн эске
алуу менен Кыргыз Республикасыныи мыйзамдарына ылайык Финансылык
полициянын жетекчиси тарабынан белгиленет.
Керектүу учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген
убакыттан тышкары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам
күндөрү кызматгык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
V. Финансылык полиция кызматкерлеринин отпускалары
жана социалдык гарантиялары
24. Финансылык полиция кызматкерлерине отпусканын төмөнкүдөй
түрлөру белгиленет:
ар жылдык;
кыска мөөнөттөгү;
кошумча (иштеген жылдары үчүн);
социалдык (оорусу боюнча, төрөгөндүгүнө, бала бакканына
байламыштуу);
окуу (окуу жайлардын угуучуларыиа, сыртган окуган кызматкерлерге);
чыгармачылык;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отпускалардын башка
түрлөрү.
Кызматкерлердин кезектеги ар жылдык отпускасын пайдаланбай иштен
бошоп кеткен учурларын кошпогондо отпусканы акчалай компенсациялоого
жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгиленген
жалпы мамлекеттик майрам күндөрү отпускалардын узактыгын аныктоодо
эске алынбайт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине ар жылдык отпуска 30
календардык күн мөөнөтүнө берилет.
Ар жылдык отпускага укугу бар Финансылык полициянын кызматкерлерине
аны бөлүктөр менен колдонууга уруксат берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) отпуска ар жылдык отпускалардын
графигине ылайык Финансылык полициянын ар бир кызматкерине календардык
жыл ичинде сөзсүз түрдө берилиши керек.
Ар жылдык отпуска (анын бөлүгү), отпуска мезгилинде кызматкердин
убактылуу ишке жараксыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат же
узартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш отпускага дал келген күндөр
үчүн сакталат.
Кезектеги отпускадан кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык
полициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык
зарылдык учурунда жол берилет. Кезектеги отпускадан чакырып алууда
анын пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылы берилет.
Узактыгы 45 күн болгон кезектеги отпуска иштеген жылдарына
карабастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан
жогору) кызмат өтөгөн аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамдагы женилдетилген шартгарда пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүк
кезектеги отпуска алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин
тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
25. Кечиктирилгис социалдык -тиричилик маселелерин чечүү үчүн,
ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансылык полициянын
кызматкерине узактыгы 10 күнгө чейин кыска мөөнөттүү отпуска берилиши
мүмкүн. Ал кезектеги отпусканын эсебине эсептелбейт.
26. Финансылык полициянын кызматкерине оорусуна байланыштуу отпуска
врачтык комиссияныи корутундусунун негизинде берилет. Көрсөтүлгөн
отпусканын узактыгы оорунун мүнөзунө жараша аныкталат.
Узакка ооруган катардагы жана башкаруучу курамдын адамдары эгердс
ишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же
жыл ичинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө Финансылык полициянын
кадрлар бөлүмчөсү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө
жарактуулугун аныктоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын
медициналык текшерүүсүнө жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же
майыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда
жүргөн мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө
дарылоо бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу отпуска кезектеги ар жылдык отпусканын эсебине
кошулбайт.
27. Кошумча ар жылдык жана социалдык отпуска Финансылык полициянын
кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (календардык эсептөөдө) акы
төлөнө турган кошумча отпуска берилет:
а) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күн мөөнөткө;
б) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күн мөөнөткө;
в) 20 жыл жана андан жогору - жыл сайын 15 календардык күн
мөөнөткө.
Кызматкердин каалоосу боюнча эмгек отпускасы эки бөлүккө бөлүнүшү
мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш.
Финансылык полиция кызматкерлерине кош бойлуулук жана төрөт боюнча,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеиген тартипте бала асырап
алгандыгы үчүн отпуска Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына
ылайык берилет.
Мындай отпускада жүргон мезгили атайын наамында иштеген жылдарыиым
мөөнотүн жана кызматгык маянасына коэффицент белгилөө үчүн стажын жана
пенсия чекггөого эсептелет.
Социалдык отпуска (окуу, чыгармачыл ж.б.) Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген узактыкта жана тартипте берилет.
Мындай отпускалардын узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин
кезектеги ар жылдык отпускасына кошулбайт.
28. Финансылык полиция кызматкерлеринин акчалай үлүшү ээлеген
штаттык кызматы боюича маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча
маянаны, иштеген жылдары учун процентгик үстөктү, иштин жашырын мүнөзү
жана жашырып иш алып баргандыгы үчүн кызматгык маянасына 25 пайызды,
кызматгык маянасынын 50 пайызына чейинки персоналдык үстөктү жана укук
коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан каралган башка төлөмдөрдү камтыйт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине жыл сайын эки айлык өлчөмүндө
акчалай материалдык жардам көрсөтүлөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине Финансылык полициянын ишинин
жалпы иатыйжасыиа алардын кошкон жеке салымына жана кызматтык
милдетгерии аткарууга мамилесине ылайык торт айлык өлчөмүндө акчалай
сыйлык төлөнот.
Финансылык полициянын кызматкерлерин атайын формалык кийим-кече
менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген норма жана
тартип боюнча жүргүзүлөт.
Иштеген жылдары үчүн кызмат маяналарына үстөктөр иш стажысына
жараша Фипансылык полицияпын кызматкерлериие ай сайын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
29. Финансылык полициянын кызматкерлерин, ошондой эле Финансылык
полициянын пенсионерлерин медициналык жана санаторий-курорттук тейлөө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин милдеттүү мамлекеттик, жеке
жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жүргүзүлөт.
30. Иштеген жылдары боюнча пенсияга укуктуу жана иштеп жаткан
аттестацияланган курамдын адамдарына негизги акчалай күтүунүн
төлөмдөрүнүн учуруна дал келүүчү пенсиянын суммасынын 50 пайызы
өлчөмүндө кошумча төлөнөт.
VI. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу
31. Финансылык полициядагы кызмат өтөөнүн токтотулушунун негизи
төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
а) Финансылык полиция органдарынан кызматтан бошоо;
б) Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте
кабарсыз келбей койду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
в) атайын наамынан ажыроо;
г) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;
д) Финансылык полиция кызматкеринин дүйнөдөн кайтышы.
32. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция
органдарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
а) өз каалоосу боюнча;
б) ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген куракка жеткенде;
в) иштеген жылдарынын мөөнөтү пенсияга чыгуу убагына жеткенде;
г) штаттардын кыскарышы боюнча - Финансылык полиция органы
жоюлганда же кайра түзүлгөндө, Финансылык полициянын кызматкерин
кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбой калганда;
д) оорусу боюнча - Финансылык полиция органдарыида иштоөгө
жарамсыздыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун
негизинде;
е) ден-соолугунун абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү
экендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин ден-соолугуна
байланыштуу аткарууга мүмкүн эместиги, кызматы боюнча башка жерлерге
барып иштей албастыгы тууралуу медициналык комиссияиын корутундусунун
негизинде;
ж) аттестациянын негизинде кызматына ылайык келбестиги;
з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузушу;
и) Финансылык полициянын кызматкеринин жеке сапатына коюлуучу
талаптарга коошпогон иштерди жасагандыгы;
к) соттун айып коюлган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин
кылмышы үчүн кесилгендигине байланыштуу;
л) белгиленген тартипте башка мамлекеттик, укук коргоо жана
контролдоочу оргаидарга которулгандыгына байланыштуу.
Финансылык полицияпын кызматкерлерин ушул пункттун "б", "в"
пунктчаларында каралган негиздер боюнча иштен бошотуу кызматкердин
өзүнүн, ошондой эле Финансылык полициянын тиешелүү органдарынын
начальниктеринин демилгеси боюнча да ишке ашырылышы мүмкүн.
33. Финансылык полициянын кызматкерлери аларга ыйгарылган атайын
наамдарына жараша Финансылык полицияда төмөнкүдөй куракка жеткенге
чейин иштей алышат:
Финансылык полициянын катардагылары, сержантгары, улук
сержанггары, старшиналары, ирапорщиктери жана улук прапорщиктери - 45
жашка чейин;
- Финансылык полициянын кенже лейтенантынан подполковнигине чейин -
50 жашка чейин;
- Фииансылык полициянын полковниктери - 55 жашка чейин;
- Финансылык полициянын генерал-майорлору - мөөнөтү чектелбейт.
Белгиленген чектеги куракка жетишкен Финансылык полициянын
кызматкерлери Финансылык полиция органдарында кызматтан кетүүгө тийиш.
Зарыл учурларда Финансылык полициянын кызматкеринин макулдугу менен
жана медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок болсо алардын иштеши
Фииансылык полициянын жетекчиси тарабынан 5 жылдык мөөнөткө узартылышы
мүмкун. Өзгөчө учурларда Финансылык полициянын кызматкерлерииин кызмат
өтөшү ушундай эле тартипте дагы 5 жылга узартылышы мүмкүн, мында
алардын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш.
Кызмат мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим ушул Жободо каралган
негиздер боюнча Финансылык полициянын кызматкеринин иштен бошонуу
мүмкунчулугун жокко чыгарбайт.
Чектелген куракка жете элек же болбосо кызмат өтөөнүн чектелген
курагынан ашып, кызматга калтырылган Финансылык полициянын
кызматкерлери ишген запаска (аскердик каттоого тургузуу менен) же
кызмат өтөонүн чектелген курагына жеткенге чейин отставкага же болбосо
кызматта калтырылган мөөнетүнун бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулушу
мумкүн.
34. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук
башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу
Финансылык полицияныи жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат.
Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан
бошотуу кунү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет
Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошотула тургандыгы
тууралуу кеминде бир ай мурда өзулөрүнүн төздөн-түз начальниктерине же
болбосо Финансылык полициянын кадрлар бөлумчөлөрүнө жазуу түрүндө
билдирет.
Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок деп
табылган Финансылык полициянын кызматкерлери, ошондой эле атайын
наамынан ажыраган кызматкерлер кызматкерлердин тизмесинен Финансылык
полициянын жетекчисинин буйругу менен чыгарылат.
35. Финансылык полициянын кызматкери иштен бошогондугу тууралуу
буйрукту алган кундон тартып бул тууралуу сотко даттанууга укуктуу.
36. Финансылык полициянын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
"Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнундө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана нормалар боюнча ишке
ашырылат.
37. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошогон Финансылык
полициянын кызматкерлерине бир жолку пособие, ал эми пенсияга чыгууга
укугу жок бошогондорго - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
аныкталган өлчөмдөрдө иштен чыгуу пособиеси төлөнөт.
Кызмат өтөөдө чектелген куракка жеткен, ден-соолугуна байланыштуу
же уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу иштен бошогон Финансылык
полициянын кызматкерлерине кызмат өтөөнүн жалпы узактыгына жараша
төмөнкүдөй бир жолку пособие төлөнөт:
5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 5 маянасы өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай кутүүнүн 10 маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай кугүүнүн 15 маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан ашуун - акчалай күтүүнүн 20 маянасы өлчөмүндө.
Башка негиздер боюнча кызматтан бошогон Финансылык полициянын
кызматкерине ушул пункттун экинчи бөлүмүндө көрсөтүлгөн бир жолку
пособиени төлөө өлчөмдөру жана тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары менен аныкталат.
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган Финансылык полициянын
кызматкерлерине бир жолку пособиенин өлчөмү акчалай күтүүнүн эки
маянасына көбөйтүлөт.
VII. Финансылык полициядагы кызматын,
атайын наамдарын жана ишин калыбына келтирүү
38. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган,
же болбосо төмөндөтулгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын
наамынан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан
мыйзамсыз бошотулган деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери
белгиленген тартипте Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызматы,
атайын наамы, иши калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына
келтирүү үчүн соттун чечими менен мыйзамдуу күчүнө кирген жана
кызматтык текшерүүлөрдун натыйжалары боюнча корутунду негиз болуп
саналат.
39. Кызматтан жылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү атайын наамын
томөндөтүү, Финансылык полициядан иштен кетирүү жөнүндө чечимдерге
Финансылык полициянын кызматкери макул болбосо кызматган жылдыруу,
бошотуу, кызматган төмөндөтүү атайын наамын төмөндөтуү тууралуу
буйруктун көчүрмөсү колуна тийген күндөн тартып же болбосо Финансылык
полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына келтирүү жөнүндө баш
тарткандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсү тапшырылгап күндөн
тартып сотко даттанууга укуктуу.

келтирүү жөнүндө соттун чечими эгерде Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жогорку инстанцияларга апелляциялык даттануулар
берилбесе аткарылууга тийиш.
Финансылык полицияда ишин калыбына келтирүү иштен боиюгон
Финансылык полициянын кызматксрин мурдагысыма тете ишке дайындоо
аркылуу ишке ашырылат.
40. Финансылык полицияда иши калыбына келтирилген кызматкерге
кезектеги атайын наамды ыйгаруу, процентти үстөк төлөө жана пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына кызматын
калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки алардын
иштен бошогон учуру кошулат.
VIII. Корутунду жоболор
41. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана
Финансылык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларынын талаптарын
сактоого жекече жоопкерчилик тартышат.
Кызмат адамдары тарабынан Финансылык полициянын кызматкерине карага
укукка жат иш-аракеттер кызматкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу
менен кызматтык калыс териштирүүдөн өтүүго тийиш, ал эми мындай тартип
бузууларда күнөөлүүлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
42. Финансылык полицияга кызматка өткөн Кыргыз Республикасынын
Улутгук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо
министрлигинин, Кыргыз Республикасыиын Ички иштер министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекииясынын,
прокуратура жана сот органдарынын, Кыргыз Республикасынын юстиция
органдарынын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерин алар тиешслүү
кызматгарга дайындалгандан кийин аскердик, атапыи наамдардын жана
класстык чиндерин эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат.
Көрсөтүлгөн кызматкерлерге Финансылык полицияда иштеген жылдары,
анын ичиндс жогоруда корсотулгон оргапдарда алардын иштеген мөөнөтүн
эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн да, Кыргыз Республикасынын
нормативдик укуктук актыдарына ылайык иштеген жылдары эсептелет.
Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш учурунда жана өзгөчө
кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
43. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон же
кызмат өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган
жаракаттан, контузиядан, оорудан улам өлгөн Финансылык полициянын
кызматкерлерин көмүү Финансылык полиция органдарынын каражатынын
эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү структуралык бөлүмчөлөрдүн башчылары
тарабынан уюштурулат.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын ар айлык кошумча акчалай
үлүшүнүн түрлорү жана акчалай күтүүнун анын өлгөн күнүнө чейин
алынбаган маянасы (анын ичинде кызматкер өлгөн ай үчүн толук) аны
менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан
өлгөн кызматкердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет.
Мындан тышкары, аларга өлгөн кызматкердин көзү бар учурда укугу
пайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнуп берилет.
үй-бүлө мүчөлөрүнө пайдаланылбаган отпуска үчүн компенсация
төлөнөт.
Финансылык полициянын каза болгон кызматкерин көмуү жөрөлгөлөрүнүн
тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
44. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн жана шарттарын сактоону
контролдоону ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү ишке ашырат.
Финансылык полицияда кызмат өтөөнун тартибин жана шарттарын
сактоого түздөн-түз контролдукту Финансылык полициянын жетекчиси,
ошондой эле Финансылык полициянын тиешелүү структуралык бөлумчөлөрүнүн
начальниктери ишке ашырат.
Финансылык полицияда кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдардын сакталышына
так жана бир турдуу көзөмөлду Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
жана ага баш ийген прокурорлор ишке ашырат.

Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 16.07.2005 · № 296 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2006 · № 32 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.