# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 296
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10809/edition/968327/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56421

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 16-июлундагы № 296

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында

кызмат өтөо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-

жылдын 14-апрелиндеги № 103 «Финансылык системанын башкаруу органдарын

кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12

«Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансылык полиция

органдарынын, жазык-аткаруу системасынын катардагы жана жетекчилик

курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын

эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү

киргизилсин:

- 3-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине» деген

сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

башкармасына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12

«Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансылык полиция

органдарынын, жазык-аткаруу системасынын катардагы жана жетекчилик

курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын

эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби

жөнүндө жобого» төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 8-пункттун «б» пунктчасынын экинчи абзацысындагы «Кыргыз

Республикасынын Финансы министринин» деген сөздөр «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасынын

директорунун» деген сөздергө алмаштырылсын;

- 19-пункттун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Финансылык полиция башкармасынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-пункттун жетинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлиги тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Финансылык полиция башкармасы тарабынан» деген сөздөргө

алмаштырылсын;

- 22-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине» деген

сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция

башкармасына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун № 4 тиркемесинин 3-пунктунун «г»

пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

« - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полиция

башкармасынын оперативдүү издөө бөлүмүнүн Ички иштер министрлигиндеги

жана Улуттук коопсуздук кызматындагы ушундай кызматтардагы календардык

эсептөөдө 5 жылдан ашык иштеген жылдарын эсептөө менен

аттестацияланган курамына;».

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги №

182 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансылык

полиция органдарында кызмат өтөө жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү

тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын;

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вицне-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
