# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый кырсыктардан жабыркаган элине узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссуданын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый кырсыктардан жабыркаган элине узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссуданын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10808/edition/325279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый кырсыктардан жабыркаган элине узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссуданын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56420

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 16-июлундагы № 298

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый

кырсыктардан жабыркаган элине узак мөөнөттүү жењилдиктүү

ссуданын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

6-февралындагы № 37

токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый

кырсыктардан жабыркаган элине анын кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы №

37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- айтылган узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданы алууга Кыргыз

Республикасынын аймагында 1994-жылдын 1-январынан 2001-жылдын 1-

ноябрына жана 2002-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде болгон табигый

кырсыктардан жабыркаган, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө

кырдаалдар министрлиги берген тизмелерге ылайык көчүрүүгө көрсөтмө

берилген, ал ссуданы мурда албаган жарандар (толук эмес көлөмдө

алгандар) укуктуу экиндиги;

- берилчү узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданын өлчөмү ар бир

конкреттүү учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура

жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай

курулушу департаментинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө

кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы

миинстрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын

адистеринин катышуусунда өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечими

менен аныкталары.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын, Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча

мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулушу департаментине

табигый кырсыктардан жабыркаган калкка турак жай куруу же экинчи

рынокто сатып алуу үчүн ссудаларды берүүгө каралган

каражаттарды республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө «Капиталдык

салымдар» статьясы боюнча каралган каражаттардын чегинде өз убагында

бөлүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана

күрулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулушу

департаменти акча каражаттын республикалык бюджеттен келишине жараша

Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги

берген тизмелер боюнча узак мөөнөтүү женилдиктүү ссудалардын өз

убагында берилишин камсыздасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жана коргонуу жана

укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
