Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Камкор» Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун јмүрдү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочуларына социалдык колдоо кјрсөтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-07-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмјт Үйі
2005-жылдын 16-июлу №297
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Камкор» Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик
коомунун јмүрдү камсыздандыруу келишимдери
боюнча камсыздоочуларына социалдык колдоо
кјрсөтүү жөнүндө
«Камкор» Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун
(мындан ары - «Камкор» КК ЖАК) өмүрдү камсыздандыруу келишимдери
боюнча камсыздоочуларына - жеке адамдарга социалдык колдоо көрсјтүү
жана улуттук камсыздандыруу рыногун сактоо максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Банкроттук
(кудуретсиздик) жјнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 87-
статьясынын 3-пунктуна ылайык «Камкор» КК ЖАКтын өмүрдү камсыздандыруу
келишимдери боюнча кредиторлоруна Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги менен кредитор «Камкор» КК ЖАКтын ортосунда Өмүрдү
камсыздандыруу келишимдери боюнча түзүлгјн талап коюу укугун јткјрүп
берүү жјнүндј макулдашуунун негизинде кредитордук карыздын бјлүгүн
тјлөп берүү жолу менен тјмјнкүдјй шарттарда социалдык колдоо
көрсјтсүн:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына,
ооруктун эмгекчилерине жана аларга тењештирилген адамдарга - жыйырма
мињ сомго чейинки өлчјмдј - 2005-жылдын 1 -сентябрына чейин;
- 1935-жылга чейин туулган адамдарга (ошол жылды камтуу менен) -он
мињ сомго чейинки өлчјмдө - 2005-жылдын 3 1-декабрына чейин;
- камсыздоочулардын калган категорияларына - он мињ сомго чейинки
јлчјмдј, камсыздандыруу суммаларын Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн
атынан чыгарылган, жоюу мөөнөтү 7 жылга чейинки, проценттик ставкасы
жылына 2 процент болгон мамлекеттик баалуу кагаздарга айлантып
тариздјј жолу менен.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда кјрсјтүлгјн тјлјмдөрдүн јлчјмүнјн
ашык суммалар Кыргыз Республикасынын «Банкроттук (кудуретсиздик)
жјнүндј» Мыйзамына ылайык жоюлаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1 -
пунктуна ылайык:
- «Камкор» КК ЖАКтын камсыздоочуларынын - жеке адамдардын ортосунда
Өмүрдү камсыздандыруу келишимдери боюнча талап коюу укугун өткөрүп
берүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте тариздесин;
- «Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына јзгјртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
«Камкор» КК ЖАКтын јмүрдү камсыздандыруу келишимдери боюнча
камсыздоочуларына - жеке адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү үчүн
каражаттарды караштыруу менен аныкталган тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- камсыздандыруу суммаларын мамлекеттик баалуу кагаздарга айлантып
тариздөөнүн тартибин, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 4-
абзацында көрсөтүлгјн кредитролор - жеке адамдар үчүн аларды жоюунун
тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- «Камкор» КК ЖАКтын атайын администраторуна Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигин Өмүрдү камсыздандыруу келишимдери боюнча талап
коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө түзүлгјн макулдашуулар боюнча иш
жүзүндө төлөнгөн сумманын јлчөмүндј кредитор деп таануу жјнүндј
аныкталган тартипте кайрылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча "Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык…Постановление · 02.08.2006 · № 550 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О рекламеЗакон · 30.11.1999 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-апрелиндагы № 298 "Республиканын региондорунун тургундары менен шайлоо алдындагы жолугушуулардын жүрүшүндө айтылган шайлоочулардын…Постановление · 26.04.2006 · № 298 · Күчүн жоготкон