Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Афины шаарында 2004-жылдын 1-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Греция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 11-июлундагы № 292
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Афины шаарында 2004-жылдын 1-ноябрында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Греция Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Афины шаарында 2004-жылдын 1-ноябрында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Греция Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун 23-статьясына ылайык
мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана «Кыргыз
Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. «Афины шаарында 2004-жылдын 1-ноябрында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Греция Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин
кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп
дайындалсын.
Биринчи вице-премьер-министрдин
Милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Сара-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 30 майындагы №3 "Сары-Колот айылдык окргунун кеңешинин жоопту катчысын шайлоо жөнүндө жана туруктуу комиссияларды курамын бекитилсин"…Постановление · 30.05.2011 · № 3
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон