# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-июлундагы №289 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-июлундагы №289 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 289
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10803/edition/325272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-июлундагы №289 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (11.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56415

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-июлу № 372 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 8-июлу № 289

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана

башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда,

мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге

эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын

19-ноябрындагы № 717 токтомуна

толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин маалымат-

тык-эсептөө жагынан тейлөөнү камсыз кылган мамлекеттик мекеме болуп

эсептелген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы

эсептөө борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын тартипке

салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-

рынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызмат-

керлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргаз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717 токтомуна төмөнкүдөй толук-

тоолор киргизилсин:

1-пункт төмөнкү мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы

эсептөө борбору № 14 тиркемеге ылайык";

- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда № 14 тиркеме

менен толукталсын.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 8-июлундагы

№ 289 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 19-ноябрындагы

№ 717 токтомуна № 14 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин

Башкы эсептөө борборунун кызматкерлеринин

КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

| Кызматы | Кызматтык маяна (сом) |
| --- | --- |
| Башкы эсептөө борборунун начальниги | 3000 |
| Начальниктин орун басары | 2600 |
| Бөлүм башчысы | 2000 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1700 |
| Сектор башчысы | 1500 |
| Башкы экономист | 1300 |
| Жетектөөчү экономист | 1100 |
| Экономист | 900 |
| Компьютердик камсыздоо боюнча менеджер | 2100 |
| Инженер-программист | 1400 |
| Программист | 1200 |
| Техник-программист | 1000 |
| Инженер | 800-1300 |
| Инспектор | 800-1100 |
| Техник | 800-1100 |
| Редактор | 1300 |
| Юрисконсульт | 1300 |
| Экспедитор | 800 |
| Архивариус | 640 |
| Китепканачы | 1100 |
| Канцелярия башчысы | 1100 |
| Кампа башчысы | 640 |
| Оператор | 640 |
| Бухгалтер | 900-1300 |
| Кассир | 720 |
| Мастер | 1100 |
| Гальванотипист | 1000 |
| Басуучу | 900 |
| Брошюралоочу | 900 |
| Электрофотограф | 900 |
| Электромеханик | 1000 |
| Механик | 800 |
| Кесүүчү машинанын машинисти | 720 |

Премьер-министрдин Аппарат

Жетекчиси - Министрдин
