Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2005-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону жана күздүк дан эгиндерди себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 апреля 2007 года №140 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-04-20.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 1-июлу №282
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн
жыйноону жана күздүк дан эгиндерди себүүнү уюшкандыкта
өткөрүү
боюнча чаралар жөнүндө
2005-жылы дан эгиндердин жана башка айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2006-жылдын
түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүүнү оптималдуу
агротехникалык мөөнөттөрдө өз убагында жана уюшкандыкта
өткөрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. 2005-жылы өстүрүлгөн дан эгиндердин жана башка айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2006-
жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүүнү оптималдуу
агротехникалык мөөнөттөрдө өз убагында жүргүзүүгө даярдануу
жана ишке ашыруу облустардын жана райондордун мамлекеттик
администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик
комиссиялардын биринчи кезектеги милдети болуп эсептелсин.
2. Республиканын облустарынын жана райондорунун
мамлекеттик администрация башчылары:
- колдо болгон оруп-жыюучу жана салмак өлчөөчү
техниканын, эгин жана үрөн тазалоочу машиналардын,
кырмандардын жана кампалардын, түшүм жыйноого пайдаланылуучу
транспорттук каражаттардын өз убагында ремонттолушун жана
түшүм жыйноого даярдыгын, ошондой эле себүүчү жана кыртыш
иштетүүчү техниканын күздүк дан эгиндерди себүү үчүн өз
убагында ремонттолушун уюштурушсун;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жана күздүк
себүү мезгилинде түшүм жыйноого жана күздүк себүүгө
тартылган айыл чарбалык техниканы жана транспорттук
каражаттарды ремонттоо боюнча үзгүлтүксүз иштөөчү мобилдүү
тейлөө кызматтарын уюштурушсун;
- эгин оруучу комбайндарды жана транспорттук
каражаттарды өрткө каршы шаймандар менен, ошондой эле
талааларга, кырмандарга, чөп үймөктөрдө жана айыл чарба
продукциясы сакталуучу жана иштетилүүчү башка жерлерде өрт
коопсуздугунун зарыл чаралары катуу сакталышын камсыздашсын;
- ар бир зона үчүн кылкандуу дан эгиндердин түшүмүн
жыйноонун алгылыктуу графиктерин иштеп чыгышсын жана
бекитишсин, аларга ылайык эгин оруучу техниканын жүрүү
маршруттарын аныктап, анын бир региондон башкасына эгиндин
бышып жетилүү мөөнөттөрүн эске алуу менен өткөрүлүшүн
камсыздашсын;
- кылкандуу дан эгиндердин түшүмүн жыйноодо коромжулукту
болтурбоо максатында республиканын башка облустарынан жана
райондорунан эгин оруучу техниканы алдын ала, келишимдик
негизде тартуу маселесин иштеп чыгышсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн керектөөнү
камсыздоочу көлөмдө себүү боюнча чара көрүшсүн, ал үчүн:
себилчү бардык үрөндөрдү керектүү агротехникалык
чараларды сактоо менен инвентаризациядан өткөрүшсүн;
үрөн себилген бардык айдоолордо түшүмдүн жыйналышын
катуу контролго алышсын;
үрөндөрдүн кампага коюлушун, иштетилишин жана себүү
кондинциясына жеткирилишин камсыздашсын;
алардын сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн
жооптуу адамдарды аныкташсын;
- үрөн чарбалар жана айыл чарба өндүрүшүндө иштеген
башка чарбакер субъекттер бюджеттик ссудалар жана Япон
Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча берилген товардык
кредиттер (Япония Өкмөтүнүн макулдугу менен) боюнча
карыздарды жоюусунун эсебинен ар бир облуста жана райондо
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык
мамлекеттик фондунун филиалдарын түзүшсүн;
- 2005-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине
күздүк дан эгиндердин сорттуу үрөндөрүнүн топтолушу жөнүндө
чарбакер субъекттерине карата региондук мамлекеттик үрөн
инспекцияларынын корутундулары менен ырасталган отчетту,
ошондой эле табигый кырсыктардан жабыркаган айылдык товар
өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын эске алуу менен чарбакер
субъекттерге 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү жүргүзүүгө
үрөн берүү жөнүндө негизделген сунуштарды беришсин;
- сугат жерлердин кирешелүүлүгүн арттыруу максатында
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экинчи түшүмүн өстүрүүнү
кененирээк колдонуп, бул үчүн республиканын түштүк
региондорундагы чарбакер субъекттердин алдыњкы практикасын
пайдаланышсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр
жай жана соода министрлигинин колдоосунда Кыргыз
Республикасынын Нефти соодалоочулар ассоциациясы менен
бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону жана
2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүү
үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын № 1 тиркемеге ылайык
көлөмдөрдө топтолушун камсыздашсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун жана күзгү
талаа жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө оперативдүү
маалыматтын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жума сайын берилишин
камсыздашсын;
- № 2 тиркемеге ылайык 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк
дан эгиндерди себүү боюнча программаны аткарууга алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлиги жана облустардын, райондордун
мамлекеттик администрация башчылары менен бирдикте
отчеттордун бурмаланышын болтурбоо жана айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн туура эсепке алууну жолго
коюу максатында тийиштүү контролду камсыздашсын.
4. Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясына
республиканын дыйкан жана фермер чарбаларына, ошондой эле
агротехникалык сервис кызматтарына өстүрүлгөн түшүмдү өз
убагында жыйноо жана күзгү талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн
керектүү запастык тетиктерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды
жана башка материалдык-техникалык ресурстарды сатып алуу
үчүн күрөөсүз жана күрөөлүү кредит берүүнү практикалоо сунуш
кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр
жай жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги "Кошой" жана
"Кайыњды-Кант" акционердик коомдору менен бирдикте ушул
жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасынын тамыртүптөрүн
иштетүүгө кабыл алуу үчүн келишимдердин алгылыктуу
варианттарын иштеп чыгууну ушул ишканалардын жана
республиканын кызылча айдоочу чарбаларынын иштеринин негизги
экономикалык көрсөткүчтөрүн негиз катары алуу менен
тездетишсин.
6. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы:
- "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунун
арыздарынын негизинде кант кызылчасынын тамыртүптөрүн ташуу
үчүн вагондорду үзгүлтүксүз бөлүп берүүнү аны ташуу үчүн
темир жолдук тарифтерди 2004-жылдын дењгээлинде сактоо менен
камсыздасын;
- 2005-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын кабыл
алуу жана ташуу мезгилине карата вагондордун жүктөөгө жана
түшүрүүгө туруусунун нормативдерин жүк алуучуларга карата
айыптык санкцияларды коюусуз белгилесин.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана
метрология институтуна төмөнкүлөр аныкталган тартипте
сунушталсын:
- менчиктин бардык түрүндөгү чарбакер субъекттерде айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноого тартылган колдо болгон
таразалык чарбаны жана өлчөөчү приборлорду өз убагында
текшерүүнү уюштуруу;
- фабрикалык кызылчанын канттуулугун жана жалпы
булгануусун аныктоонун тууралыгын камсыздоо үчүн "Кошой"
жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдорунун кант
заводдорунун сырьелук лабораторияларынын иштерине контроль
белгилөө.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга
2005-жылдагы оруу-жыюу жана себүү жумуштарынын учурунда
рыноктук бааларды турукташтыруу үчүн 5 мињ тонна көлөмдөгү
дизелдик отунду мамлекеттик резервге коюу үчүн акча каражат
бөлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар менен бирдикте Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигине макулдашуу боюнча үрөн чарбалар жана айыл
чарба өндүрүшүндө иштеген башка чарбакер субъекттер
бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле
Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы менен алынган
кредиттер боюнча (Япония Өкмөтүнүн макулдугу менен)
карыздарды жоюунун эсебине тапшыруучу айыл чарба
5qүмдүктөрүнүн тийиштүү сорттук жана себүү документтери бар
кондициялуу үрөндөрүнүн, анын ичинде күздүк буудайдын 5,0
мињ тонна жана күздүк арпанын 0,2 мињ тонна үрөнүн айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна
коюуга макулдашууларды тариздөөгө уруксат берилсин.
10. Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысы -
губернатору жана Чүй облусунун райондорунун мамлекеттик
администрация башчылары:
- дандык жүгөрү өстүрүүдө иштеген айылдык товар
өндүрүүчүлөргө алар өстүргөн түшүмдү сотосу менен Чүй
облусунун Москва районунун Беловодское айылындагы Аксуу
жүгөрү иштетүүчү кант комбинатына өз ара пайдалуу тийиштүү
келишимдик шарттарда болушунча тартууга жардам көрсөтүшсүн;
- Чүй облусунун чарбаларында соянын үрөндүк айдоолорун
багууга, алардын өз убагында жыйналышын уюштурууга, үрөндүк
материалдын себүү кондициясына жеткирилишине контролду
камсыздашсын.
11. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр
жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы
саясат боюнча мамлекеттик департамент төмөнкүлөргө бааларды
10 күндүн ичинде белгилесин:
- ушул токтомдун 9-пунктуна ылайык айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик
фондуна топтолуучу күздүк буудайдын үрөнүнө жана күздүк
арпанын үрөнүнө;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр өздөрүнүн жер салыгы,
камсыздандыруу взностору, пайдаланылган сугат суу жана
насостук станциялар жана жаадыруучу агрегаттар керектеген
электр энергиясы боюнча, ошондой эле бюджеттик ссудалар жана
кредиттер боюнча карыздарын жоюунун эсебине төгүүчү азык-
түлүк буудайдын данына.
12. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигине Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик фонд менен бирдикте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик фондунда
топтолгон дан өсүмдүктөрдүн күздүк үрөндөрүн процентсиз
товардык кредит түрүндө 2006-жылдын 1-декабрына чейин
кайтаруу мөөнөтү менен төлөөгө жөндөмдүү айылдык товар
өндүрүүчүлөргө тариздөөгө жана берүүгө уруксат берилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө
кырдаалдар министрлиги республиканын 2005-жылы табигый
кырсыктар болгон айрым региондорундагы абалды талдап жана
жабыркаган чарбакер субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү
боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү чечиминин долбоорун
даярдасын.
14. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалалабат электр"
жана "Ош электр" ачык акционердик коомдоруна облустардын
жана райондордун мамлекеттик администрациялары менен
бирдикте Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу чарба
департаментинин насостук станцияларын жана скважиналарын
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо, себүүчү материалды
тазалоо мезгилинде үзгүлтүксүз иштетүү маселесин чечүү,
ошондой эле кырмандардын, механикалык мастерскойлордун жана
башка көмөкчү кызматтардын ишин камсыздоо үчүн электр
энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча чаралар системасын иштеп
чыгуу;
- "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык
акционердик коомуна жана башка техникалык тейлөө
кызматтарына сунушталсын:
колдо болгон бардык эгин оруучу комбайндарды Нарын,
Ысыккөл облустарынын чарбакер субъекттерине, Суусамыр
өрөөнүнө жана республиканын башка бийик тоолуу зоналарына
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнө
ылайык өз убагында жеткирүүнү камсыздоо;
кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кењейтүү жана республиканын
айылдык товар өстүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
өстүрүлгөн түшүмүн жыйноого, аны кайра иштетүүчү жана
сактоочу жерлерге жеткирүүгө, коњтормо жана тоњдурма
айдоого, ошондой эле 2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө
практикалык жардам берүүнүн сапатын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук
телерадиокорпорациясына, республикалык, облустук жана
райондук гезиттердин редакцияларына, башка жалпыга маалымдоо
каражаттарына 2005-жылдын түшүмүн жыйноого даярдыктын жана
жыйноонун жүрүшүн такай чагылдыруу.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай
. комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-июлундагы
№282 токтомуна №1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин
күйүүчү-майлоочу материалдарга керектөөсү:
(тонна)
а)2005-жылдын түшүмүн жыйноо үчүн
___________________________________________________________
| Облустардын | Дизель | Автобензин | Дизель | Автол |
| аталышы | отун | майы | ||
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Баткен | 2490,0 | 653,0 | 110,0 | 46,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Жалалабат | 5932,0 | 1679,6 | 242,3 | 118,6 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Ысыккөл | 3203,0 | 452,0 | 93,0 | 27,5 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Нарын | 2452,0 | 283,0 | 153,0 | - |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Ош | 4200,0 | 517,0 | 279,0 | 131,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Талас | 2800,0 | 1236,0 | 143,0 | 55,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Чүй | 6552,2 | 1181,1 | 324,0 | 53,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Республика | 27629,0 | 6001,7 | 1344,9 | 431,1 |
| боюнча | ||||
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
б) 2005-жылдын күзгү себүү компаниясын өткөрүү үчүн
____________________________________________________________
| Облустардын | Дизель | Автобензин | Дизель | Автол |
| аталышы | отун | майы | ||
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Баткен | 1163,0 | 283,0 | 51,0 | 15,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Жалалабат | 6087,0 | 1826,1 | 243,5 | 121,7 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Ысыккөл | 1279,0 | 51,0 | 35,5 | 6,5 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Нарын | - | - | - | - |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Ош | 2954,0 | 795,0 | 1592,0 | 49,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Талас | 1569,0 | 581,8 | 55,2 | 30,0 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Чүй | 8425,3 | 3864,4 | 281,3 | 131,8 |
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
| Республика | 21477,7 | 7401,3 | 2258,5 | 353,3 |
| боюнча | ||||
| ______________ | ___________ | ____________ | __________ | _______ |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат Жетекчиси-министрдин
милдетин аткаруучу А.Исабеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-июлундагы
№282 токтомуна №2 тиркеме
2006-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүү боюнча
ПРОГРАММА
(мињ.га)
_____________________________________________________________
| Облустардын | Күздүк дан | анын ичинде | |
| аталышы | эгиндерди айдоо | ___________________________ | |
| аянты | күздүк | күздүк | |
| буудай | арпа | ||
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Республика | 360,0 | 345,0 | 15,0 |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Баткен | 30,0 | 30,0 | |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Жалалабат | 45,0 | 45,0 | |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Ысыккөл | 35,0 | 35,0 | |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Ош | 68,0 | 68,0 | |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Талас | 34,0 | 34,0 | |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
| Чүй | 148,0 | 1433,0 | 15,0 |
| ______________ | _________________ | _____________ | _____________ |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат Жетекчиси-министрдин
милдетин аткаруучу А.Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"Постановление · 20.04.2007 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-декабрындагы № 572 "2005-жылдын 10 айы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2005 · № 572 · Күчүн жоготкон