# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №281 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы N 529 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №281 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы N 529 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10796/edition/325255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы №281 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы N 529 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56402

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-июлу № 281

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин

Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү

жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын

29-сентябрындагы № 529 токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик жана кош ба-

гыттагы продукцияларды кабыл алуу боюнча өнөр жай ишканаларындагы ас-

кердик өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракетин камсыз кылуу, аскердик

өкүлчүлүктөрүнүн кызматчыларынын эмгегин стимулдоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Өнүктүрүү жана

материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-сентябрындагы

№ 529 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-

гинин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу

жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин ", ошон-

дой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен ишканалардын

(уюмдардын) ортосунда эки тараптуу негизде түзүлгөн келишимдерге (конт-

ракттарга) ылайык продукцияларды кабыл алуу боюнча аткарылган иштер

үчүн ишканалар менен уюмдар тарабынан которулуучу акча каражаттары" де-

ген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Альтернативалуу (аскерден тышкаркы) кызматтын кызматчыларынын

эмгек акысынан чегерүүлөрдөн түшкөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Коргоо министрлиги менен ишканалардын (уюмдардын) ортосунда эки тарап-

туу негизде түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) ылайык продукцияларды

кабыл алуу боюнча аткарылган иштер үчүн ишканалар менен уюмдар тарабы-

нан которулуучу акча каражаттары атайын каражаттар боюнча учурдагы

эсептерге топтоштурулат.";

5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- кызмат маянасына сыйлык үстөктөрүн жана кошумча төлөөлөрдү бел-

гилөөгө, ошондой эле иштин натыйжалары боюнча аскердик өкүлчүлүктөрдүн

кызматчыларын сыйлоого;".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
