# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10795/edition/469920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56401

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-июлу № 280

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик

каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө

Саламаттык сактоо секторунда минималдуу мамлекеттик стандарттарды

бюджеттик каржылоону жана аткарууну камсыз кылуу аркылуу саламаттык

сактоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун

минималдуу стандарттарын аныктоо методикасы;

- 2005-жылга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик

каржылоонун минималдуу стандарттарынын дифференцияланган шкаласы;

- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын алгачкы медициналык-

санитардык жардам көрсөтүү мекемелерин каржылоонун ар бир адамга

карата нормативинин жыныстык-курактык түзөтүү коэффициенттеринин

шкаласы жана аныктоо методикасы;

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2006-жылдан

тартып Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик

каржылоонун минималдуу стандарттарынын негизинде мамлекеттик бюджетти

түзүүгө даярдык көрүү боюнча иштерди уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун

минималдуу стандартынын негизинде саламаттык сактоого мамлекеттик

бюджеттин чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү 2006-жылдан

тартып аныктасын;

- жыл сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

менен бирдикте облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык

сактоону бюджеттик каржылоонун минималдуу стандартын жабуу нормативин

аныктасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
