Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2005-жылдын 24-мартында Астана шаарында кол коюлган Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара визасыз барып-келүүлөрү тууралуу 2000-жылдын 30-ноябрындагы макулдашууга Протоколду бекитүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 1-июлу № 279
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жылдын 24-мартында Астана шаарында
кол коюлган Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн,
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара визасыз
барып-келүүлөрү тууралуу 2000-жылдын 30-ноябрындагы
макулдашууга Протоколду бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 16-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын нор-
мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
18-статьясына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатын-
да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2005-жылдын 24-мартында Астана шаарында кол коюлган Беларусь
Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикс-
тан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара визасыз ба-
рып-келүүлөрү тууралуу 2000-жылдын 30-ноябрындагы макулдашууга Протокол
бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык эко-
номикалык коомдоштуктун Интеграциялык Комитетине Кыргыз Республикасы
ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жо-
болорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон