# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын консулдук жыйымдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-июлундагы № 502 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын консулдук жыйымдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-июлундагы № 502 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10793/edition/354316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын консулдук жыйымдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-июлундагы № 502 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (25.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56399

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 408 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-июлу № 278

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын консулдук жыйымдары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

29-июлундагы № 502 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз

кылуунун абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

2005-жылдын 29-апрелиндеги № 215-III токтомун аткаруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын консулдук жыйымдары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-июлундагы № 502 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Консулдук жыйымдар жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда-

гы иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө";

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Консулдук жыйымдар жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү аткару-

удагы иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө тиркелген жобо беки-

тилсин.".

2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республика-

сынын консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдары жөнүндө жобого төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышындагы жана жобонун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө

формаларындагы "Иш жүзүндөгү жыйымдар" деген сөздөр "Иш жүзүндөгү чы-

гымдар үчүн жыйымдар" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмашты-

рылсын;

- 5-статьяда:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. 16 жашка чьгга элек адамдар, жашы боюнча пенсиоиерлер жана 60

жаштан ашкан адамдар консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.";

төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Тарыхый мекенине кайтып келишкен кыргыз этносундагылар болуп

эсептелген адамдар консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.";

8-статьяда:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык

өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасынын аймагында консулдук мекемелеринин жетекчилерине төмөнкү

учурларда жазуу жүзүндө негизделген арыз боюнча арыз бергендер үчүн

консулдук жыйымдардын чендерин төмөндөтүүгө же төлөөдөн толугу менен

бошотууга укук берилет ",

төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун жарактуу

мөөнөтүн узартууда,",

## II бөлүмдө:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин

"II бөлүм

Чет өлкөгө кетүү жана Кыргыз Республикасына кайтып

келүү үчүн паспортторду жана башка жолдо жүрүү документтерин

тариздөө жана берүү үчүн жыйымдар";

3-позиция төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

| 3 | Чет өлкөгө биринчи жолу барып жатканда паспортту | 100 | 10 |
| --- | --- | --- | --- |
|  | толтуруу же аны узартуу |  |  |

## V бөлүмдүн 3-позициясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

| 3 | Төмөнкү максаттар менен келген Кыргыз Респубпикасынын |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
|  | жарандарын консулдук каттоого алуу: |  |  |
|  | - окууга | 1 | 5 |
|  | - убактылуу жашоого | 3 | 10 |
|  | - туруктуу жашоого | 10 | 20 |

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
