# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 272 "Иштин өзгөчө мүнөзү менен байланышкан гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 272 "Иштин өзгөчө мүнөзү менен байланышкан гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 272
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10787/edition/325245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 272 "Иштин өзгөчө мүнөзү менен байланышкан гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (30.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56393

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-июну № 272

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Иштин өзгөчө мүнөзү менен байланышкан гарантиялар

жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 60-б

буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке

ашыруу боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу

планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Иштин өзгөчө мүнөзү менен байланышкан гарантиялар жана компен-

сациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999- жылдын 18-мар-

тындагы № 154 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-

зилсин:

- преамбулада "256-259" сандары "166 жана 345" сандары менен ал-

маштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Вахталык ыкма менен иште-

гендиги үчүн үстөк төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо

- Жобонун бүткүл тексти боюнча "жандоочу" деген сөз тиешелүү

жөндөмөлөрдө "жумуш берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун үчүнчү абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда

берилсин:

"Өзгөчө учурларда өзүнчө объекттерде уюмдун кызматкерлеринин

өкүлчүлүктүү органдары менен макулдашуу боюнча жумуш берүүчү тарабынан

вахтанын узактыгы үч айга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн, ал эми дењиз дењгэ-

элинен 2000 метрден бийикте жайгашкан объекттерде аткарылуучу иштерде

кошумча түрдө тиешелүү мамлекеттик саламаттык сактоо органы жана Мамле-

кеттик эмгек инспекциясы менен макулдашуу талап кылынат.";

- 6-пункттун экинчи абзацында "жана бир жарым жашка чейин баласы

бар аялдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 14-пункт:

"жумушчулар" деген сөздөн кийин "жана аны аракетке киргизгенге че-

йин эки айдан кечиктирбестен жумушчуларга билдирилет" деген сөздөр ме-

нен толукталсын;

төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Графикте жумушчуларды вахтага жеткирүү жана кайра алып келүү үчүн

зарыл убакыт каралат. Жумуш ордуна бараткан жана кайра келаткан жолдогу

күндөр жумуш убактысына киргизилбейт жана вахталар ортосундагы эс алуу

күндөрүнө туура келиши мүмкүн.";

- 18-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 19-пункттун биринчи абзацы "ставкалар (маяна)" деген сөздөрдөн

кийин ", эгерде эмгек келишиминде же коллективдүү келишимде башкача

белгиленбесе," деген сөздөр менен толукталсын;

- 20-пункттун экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толук-

талсын:

"Жумушчунун каалоосу боюнча жумуштан тышкаркы иш жогорулатылган

акы төлөөнүн ордуна кошумча эс алуу убактысын, бирок жумуштан тышкаркы

иштелген убакыттан кем эмес убакыт берүү менен компенсацияланышы

мүмкүн.";

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Бийик тоолуу райондорго жана аларга тењештирилген аймактарга

республиканын башка региондорунан вахталык ыкма менен иштөө үчүн баруу-

чу жумушчуларга (вахталык ыкма менен иштөөчү жамааттарды тейлөөнү кам-

сыз кылуучу жумушчуларды кошуу менен) төмөнкүдөй гарантиялар жана ком-

пенсациялар берилет:

1) райондук коэффициент белгиленет жана бийик тоолуу райондордо

жана аларга тењештирилген аймактарда такай иштөөчү адамдар үчүн карал-

ган тартипте жана өлчөмдөрдө эмгек акыга проценттик үстөктөр төлөнөт;

2) ар жылкы акы төлөнүүчү кошумча отпуск берилет:

а) дењиз дењгээлинен төмөнкүдөй бийиктиктерде иштөөдө: 2000ден

3000 метрге чейин - 12 календардык күн; 3001ден 4000 метрге чейин 24

календардык күн; 4001 метрден жогору - 36 календардык күн;

б) бийик тоолуу райондорго тењештирилген аймактарда иштөөдө 12 ка-

лендардык күн.

Проценттик үстөктөрдү жана кошумча отпуск алууга укук берүүчү иш

стажына бийик тоолуу райондордо жана ага тењештирилген аймактарда иште-

ген календардык күндөр жана сменалуулуктун графиги менен каралган жолдо

болуунун иш жүзүндөгү күндөрү кошулат. Бийик тоолуу жана алыскы зона-

ларда иштегендиги менен байланыштуу башка жењилдиктер ушул жумушчуларга

колдонулбайт.

Эмгек акыга райондук коэффициенттер Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарына ылайык эсептелет.";

- 27-пункттун биринчи абзацындагы "же вахта бүткөндөн кийин тарап-

тардын макулдашуулары боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
