Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 1 апреля 2026 года № 212 "О предельной штатной численности и об условиях оплаты труда работников Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-01.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 29-июну № 268
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана
муниципалдык кызматкерлерин окутуу жана
квалификациясын жогорулатуу системасын
өркүндөтүү маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерле-
рин системалуу окутууну жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-сентябрындагы №
632 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы
жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт "1.8 жогорулатуучу коэффициент" деген сөздөрдөн кийин ",
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын ал-
дындагы Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын
жогорулатуу жана кайра даярдоо борборлоруна (мындан ары - Борборлор)
(Бишкек жана Ош шаарларында) - 2.0 коэффициенти" деген сөздөр менен то-
лукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер-
лерин Программага ылайык окутуу боюнча чыгымдарды каржылоого каражат
издеп тапсын;
- макулдашылган чыгымдардын сметасы боюнча мамлекеттик жана муни-
ципалдык кызматкерлерди окутууга Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Башкаруу академиясына финансылык каражаттарды жыл ичинде өз
учурунда жана бирдей которууну камсыз кылсын;
- 2006-жылга республикалык бюджетте мамлекеттик жана муниципалдык
кызматкерлерди окутууга жана квалификациясын жогорулатууга каражат ка-
расын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академия-
сы:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
Борборлордун штаттык санын кармоого жана окутуу менен квалификациясын
жогорулатуу курстарын өткөрүүгө чыгымдардын сметасын берсин;
- Программага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди
окутуунун календарлык планын өзүнүн чечими менен бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер-
лерин окутуунун календарлык планын Кыргыз Республикасынын министрликте-
рине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна, мам-
лекеттик комиссияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдасын;
- Программага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди
кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын тийиштүү
дењгээлде даярдоону жана өткөрүүнү уюштурсун;
- Борборлордун материалдык-техникалык базасын чыњдоо жана окутуучу
курстарды сапаттуу өткөрүү үчүн техникалык жардамдарды жана гранттарды
активдүү тартсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден ки-
йинки айдын 15ине чейин Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө маалымдап турсун.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары:
- бир айлык мөөнөттө бардык аймактык жана ведомствого караштуу
структураларын камтуу менен кызматкерлерди окутуунун жана квалификация-
сын жогорулатуунун өздүк программаларын иштеп чыгышсын;
- ушул максаттарга бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартуу боюнча
эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен иштерди активдештиришсин;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чет өлкөлөргө кыз-
маттык командировкаларынын жыйынтыгы боюнча милдеттүү түрдө алар алган
тажрыйбаны жана билимди мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдарынын иштери чөйрөсүндө семинарларды жана тренинг-
дерди уюштуруу жолу менен кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу
жана окутуу үчүн пайдаланышсын;
- Борбор тарабынан уюштурулган окутуучу курстарга мамлекеттик жана
муниципалдык кызматкерлердин өз учурунда катышуусун камсыз кылуу боюнча
чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден ки-
йинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигине мамлекеттик жана муниципалдык
кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жа-
на ушул максаттарга каралган бюджеттик каражаттарды пайдалануу жөнүндө
отчет берип турушсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
башкармалыгына жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу…Постановление · 01.04.2026 · № 212
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- 2005-2006-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Программа · 29.06.2005 · № 268 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 1998 года №632 "Об Академии управления при Президенте Кыргызской Республики"Постановление · 30.09.1998 · № 632 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу…Постановление · 01.04.2026 · № 212
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 1998 года №632 "Об Академии управления при Президенте Кыргызской Республики"Постановление · 30.09.1998 · № 632 · Күчүн жоготкон