# Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы №265 " 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы №265 " 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10780/edition/1149652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы №265 " 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө токтому (28.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56386

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-июну № 265

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик

билим берүү гранттарын багыттар, адистиктер

жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу

жайлары боюнча сандык бөлүштүрүүнүн

тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-мартындагы №

114 "Мамлекеттик билим берүү гранттарын ыйгаруу, абитуриенттерди жалпы

республикалык тестирлөөнү жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын

жогорку окуу жайларына конкурстук киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү

жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жогорку билим берүүнүн сапатын андан ары жо-

горулатуу, абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүү жана

аларды Кыргыз Республикасынын жождоруна конкурстук киргизүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Студенттерди мамлекеттик жогорку окуу жайларда окутуу үчүн

2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарына 5705

орун белгиленсин, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине - 5055 орун;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине - 190

орун;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - 200 орун;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - 120 орун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү

боюнча мамлекеттик комиссияга - 140 орун.

2. Адистерди даярдоонун негизги профилдери боюнча 2005-2006-окуу

жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын саны бекитилген бюд-

жеттик каражаттардын чектеринде аныкталсын.

3. 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын

багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары

боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тиркелген тизмеси бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги:

- мамлекет тарабынан 2005-2006-окуу жылына карата бөлүнүүчү билим

берүү гранттарынын жалпы санынын ичинен 50 грантты жалпы республикалык

балл рейтингинин ичинен айрыкча көп балл топтогон абитуриенттерди кон-

курстан тышкары киргизүү үчүн бөлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 285 орундан

турган резервдик фондун түзсүн;

- 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын

багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары

боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин жалпыга малымдоо каражаттарына жа-

рыяласын;

- мамлекеттик заказды республиканын жогорку окуу жайлары боюнча

жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө 2005-жылдын 1-октябрына чейин берсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
