Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн « 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-06-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-июну № 265
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик
билим берүү гранттарын багыттар, адистиктер
жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу
жайлары боюнча сандык бөлүштүрүүнүн
тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-мартындагы №
114 "Мамлекеттик билим берүү гранттарын ыйгаруу, абитуриенттерди жалпы
республикалык тестирлөөнү жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын
жогорку окуу жайларына конкурстук киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү
жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жогорку билим берүүнүн сапатын андан ары жо-
горулатуу, абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүү жана
аларды Кыргыз Республикасынын жождоруна конкурстук киргизүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Студенттерди мамлекеттик жогорку окуу жайларда окутуу үчүн
2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарына 5705
орун белгиленсин, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине - 5055 орун;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине - 190
орун;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - 200 орун;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - 120 орун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик комиссияга - 140 орун.
2. Адистерди даярдоонун негизги профилдери боюнча 2005-2006-окуу
жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын саны бекитилген бюд-
жеттик каражаттардын чектеринде аныкталсын.
3. 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын
багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары
боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги:
- мамлекет тарабынан 2005-2006-окуу жылына карата бөлүнүүчү билим
берүү гранттарынын жалпы санынын ичинен 50 грантты жалпы республикалык
балл рейтингинин ичинен айрыкча көп балл топтогон абитуриенттерди кон-
курстан тышкары киргизүү үчүн бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 285 орундан
турган резервдик фондун түзсүн;
- 2005-2006-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарын
багыттар, адистиктер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары
боюнча сандык бөлүштүрүүнүн тизмесин жалпыга малымдоо каражаттарына жа-
рыяласын;
- мамлекеттик заказды республиканын жогорку окуу жайлары боюнча
жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө 2005-жылдын 1-октябрына чейин берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы №114 2004-жылдын 30-мартындагы "Мамлекеттик билим беруу гранттарын ыйгаруу, абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлоону жургузуу…Указ · 30.03.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон