# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чолпоната шаарынын аймагын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чолпоната шаарынын аймагын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10774/edition/325223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чолпоната шаарынын аймагын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө" токтому (30.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56380

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 27-июну № 259

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун

Чолпоната шаарынын аймагын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы №545 токтомунун редакциясыга ылайык)

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун

Чолпоната шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү

максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча

республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргаз Респубдикасынын

Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик ден соолук чыњдоо

бирикмесинин Ысыккөлдөгү № 54 асыл тукум жылкы заводунун 74,16 га

сугат аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу

конуштардын жерлери" категориясына которуу жана төмөњкүлөрдүн

аймактарын кењейтүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн жерлерди берүү жөнүндө

сунушу кабыл алынсын:

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл

районунун Чолпоната шаарына - 51,91 га аянтты;

- Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун

Бостери айыл өкмөтүндөгү Бактуу-Долоното айылына - 22.25 га аянтты.

2. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы:

- ушул токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн жер участокторуна

социалдык-маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик

коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга

нландоочу жана жумушчу документтерди иштеп чыксын;

- жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасынын нормативдик

укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзсүн;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
