Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чолпоната шаарынын аймагын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 27-июну № 259
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун
Чолпоната шаарынын аймагын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы №545 токтомунун редакциясыга ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун
Чолпоната шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү
максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча
республикалык комиссия менен макулдашылган Кыргаз Респубдикасынын
Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик ден соолук чыњдоо
бирикмесинин Ысыккөлдөгү № 54 асыл тукум жылкы заводунун 74,16 га
сугат аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу
конуштардын жерлери" категориясына которуу жана төмөњкүлөрдүн
аймактарын кењейтүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн жерлерди берүү жөнүндө
сунушу кабыл алынсын:
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл
районунун Чолпоната шаарына - 51,91 га аянтты;
- Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун
Бостери айыл өкмөтүндөгү Бактуу-Долоното айылына - 22.25 га аянтты.
2. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- ушул токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн жер участокторуна
социалдык-маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик
коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга
нландоочу жана жумушчу документтерди иштеп чыксын;
- жер участкаларын берүүнү Кыргыз Республикасынын нормативдик
укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.