# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10773/edition/325222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу" токтому (25.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56379

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-июну № 258

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти

менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону

бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын

Өкметүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу

Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү, банкроттуктун

алдын алуу жана аны ишке ашыруу процессинин шарттарын камсыз кылуу,

баалоо иш-аракетин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну

камсыз кылуу максатында, ошондой эле республиканын стратегиялык

ишканаларын кайра уюштурууга жана менчиктештирүүгө өтүүгө байланыштуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн

шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы №

169 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик

менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобонун 30-

пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- «республикалык бюджетке - 85 процент;

- тертүнчү - жетккчи абзацтар алып салынсын.

2. «Кыргызгелеком», «Манас» эл аралык аэропорту», «Түндүк электр»,

«Чыгыш электр», «Жалалабат электр», «Ош электр», «Кыргызгаз»,

«Кыргызстан аба жолдору» Улуттук; авиаташуучусу» жана «Бишкек жылуулук

тармагы» акционердик коомдорун менчиктештирүүдө чегерүү нормативдери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечимдери менен белгиленет.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн

шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы №

169 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы № 768 токтому;

- «Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарга тиешелүү маселелер боюнча

Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-

октябрындагы № 737 токтомунун 1-пункту;

- «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн

шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы №

169 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-ноябрындагы № 878 токтому.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу М.Керимкулов
