# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 234 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 234 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10760/edition/325203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 234 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56363

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 17-июну № 234

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана

баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

21-августундагы № 537 токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоо киргизүү тууралуу

Укуктук нормативдик актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

жана "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү

тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы №

103 токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

"Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын иш-

мердигин өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жыл-

дын 21-августундагы № 537 токтому менен бекитилген Кыргыз Республика-

сында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эре-

жесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункттагы "(мындан ары - баалоочу)" деген сөздөр алып салын-

сын;

- 3-пункттун биринчи абзацы "баалоочулардын" деген сөздөн кийин

"жана баалоо уюмдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пунктта:

сегизинчи абзац алып салынсын;

он үчүнчү абзацтагы "жана аттестацияны өтүү" деген сөздөр алып са-

лынсын;

он төртүнчү абзацтагы ", белгиленген тартипте аттестацияланган"

деген сөздөр алып салынсын;

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктү баалоону ушул Эреже-

лердин талабына ылайык баалоочулар жана баалоо уюмдар жүргүзүшү мүмкүн

(мындан ары - баалоочулар).";

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Баалоочу юридикалык жак түзбөстөн же баалоочу уюмдун штаттык

кызматкери катары жекече иш-аракет тартибинде баалоо иш-аракетин жүзөгө

ашыра алат.";

- 7-пункттагы "баалоочу жана баалоочу уюм" деген сөздөр "баалоочу-

лар" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 8-пункттун үчүнчү абзацындагы "сертификаттын номери жана аны

алуу даталары; Баалоочулардын жана баалоочу уюмдардын бирдиктүү мамле-

кеттик реестриндеги номерлер жана каттоо даталары," деген сөздөр алып

салынсын;

- 13-пункттун бешинчи абзацындагы "аттестациядан өтүү" деген

сөздөр "баалоо алкагында кесиптик билим алуу" деген сөздөр менен алмаш-

тырылсын;

- 17-пунктта "Баалоочулардын жана баалоочу уюмдардын бирдиктүү

мамлекеттик реестринде катталган жана сертификаты бар баалоочу менен"

деген сөздөр "баалоо тармагында кесиптик билим алгандыгын ырастаган до-

кументи бар Кыргыз Республикасынын баалоочусу менен" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

- 19-пункттун жетинчи абзацындагы "сертификаттын" деген сөз "баа-

лоо тармагында кесиптик билим алгандыгын ырастаган документтер" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"26. Ушул Эрежелердин талабына ылайык келбеген баалоочунун баалоо

иш-аракетин жүргүзүүсүнө жол берилбейт";

- 27-пунктта:

биринчи абзацтагы акыркы сүйлөм алып салынсын;

экинчи-төртүнчү абзацтар алып салынсын;

- 28-пункттун экинчи-бешинчи абзацтары алып салынсын;

- 29-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- V бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр К.Бакиев
