# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 227 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде Турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жјніндј» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 28 - августундагы № 531 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 227 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде Турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жјніндј» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 28 - августундагы № 531 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10757/edition/1154350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 227 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде Турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жјніндј» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 28 - августундагы № 531 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (14.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56360

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары.Өкмјт үйі

2005-жылдын 14-июну, №227

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде

Турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик

суммалары жјніндј» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000 - жылдын 28 - августундагы № 531 токтомуна

толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Милдеттүү төлјмдјр системасын реформалоо жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2004 - жылдын 14 - июнундагы № 202

Жарлыгы менен бекитилген «Ишкердик субъектилери тарабынан ишке

ашырылуучу милдеттүү төлөмдөр системасын реформалоо» программасын ишке

ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004 - жылдын

15 - январындагы № 9 буйругу менен бекитилген иш - чараларды аткаруу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин

атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 28 - августундагы № 531

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде

турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары

жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

«12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук

казыначылыгына мамлекеттик органдар тарабынан аларга жүктөлгөн

милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Казыначылык

бөлүмдөрүндө учеттук эсеп ачууга уруксат берилет.»;

- 12-17-пункттар тиешелүү түрдө 13-18-пункттар болуп эсептелсин.

Премьер-министр К.Бакиев
