# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10756/edition/1117395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56358

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 14-июну № 226

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын кайра түзүү жөнүндө" 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын иш-аракетин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-августундагы № 497 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 601 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 385 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 962 токтому.

Премьер-министр

К.Бакиев
