# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 223 "Астана шаарында -2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 223 "Астана шаарында -2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10754/edition/325191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 223 "Астана шаарында -2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (14.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56356

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-июну № 223

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

Астана шаарында -2005-жылдын 24-мартында кол коюлган

Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин

техникалык регламентин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө

макулдашууну бекитүү тууралуу

Астана шаарында 2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык

экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин

шайкеш келтнрүүнүн негиздери жөнүндө макулдашуунун 9-статьясына ылайык

мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз

Республикасынын нормативдүү укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Астана шаарында 2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык

экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин

шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Техникалык регламентти иштеп чыгуучулар жана техникалык жөнгө

салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Макулдашууну жетекчилигине

алышсын.

3. Кьгргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул

Макуллашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан

мамлекет ичиндеги зарыл жол-жоболордун аткарылганы тууралуу

ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетине билдирсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
