Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Астана шаарында -2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-июну № 223
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
Астана шаарында -2005-жылдын 24-мартында кол коюлган
Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин
техникалык регламентин шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө
макулдашууну бекитүү тууралуу
Астана шаарында 2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык
экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин
шайкеш келтнрүүнүн негиздери жөнүндө макулдашуунун 9-статьясына ылайык
мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз
Республикасынын нормативдүү укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Астана шаарында 2005-жылдын 24-мартында кол коюлган Евразиялык
экономикалык коомчулуктун мүчө-мамлекеттеринин техникалык регламентин
шайкеш келтирүүнүн негиздери жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Техникалык регламентти иштеп чыгуучулар жана техникалык жөнгө
салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Макулдашууну жетекчилигине
алышсын.
3. Кьгргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул
Макуллашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан
мамлекет ичиндеги зарыл жол-жоболордун аткарылганы тууралуу
ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетине билдирсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 2
Документке шилтеме берген актылар (1)
Байланышкан документтер (2)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон