Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 2004-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультациялык кеңешин түзүү жөнүндө чечимин бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмјт үйі
2005-жылдын 14-июну №219
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык
кењешинин
2004-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол коюлган
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө
мамлекеттердин Мамлекеттик архив кызматтарынын
жетекчилеринин консультациялык кењешин түзүү жөнүндө чечимин
бекитүү тууралуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык
кењешинин 2004-жылдын 3-декабрында Москва шаарында кол
коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө
мамлекеттердин Мамлекеттик архив кызматтарынын
жетекчилеринин консультациялык кењешин түзүү жөнүндө
чечиминин 4-пунктуна ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду
аткаруу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл
аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын
нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин
Экономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрында Москва
шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Мамлекеттик архив
кызматтарынын жетекчилеринин консультациялык кењешин түзүү
жөнүндө тиркелген чечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин.
2. Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышы
үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик архив кызматына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
архив кызматы жыл сайын 10-январга карата Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына Чечимдин
аткарылышы жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз
карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине
Кыргыз Республикасы Чечимдин күчүнө кириши үчүн керектүү
мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө
маалымдасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-
маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.