# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-июну № 205 "Кыргыз Республикасынын алкоголдук јнјр жайын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жјніндј" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-июну № 205 "Кыргыз Республикасынын алкоголдук јнјр жайын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жјніндј" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 205
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10742/edition/760695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-июну № 205 "Кыргыз Республикасынын алкоголдук јнјр жайын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жјніндј" токтому (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56338

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-июну № 205

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын алкоголдук јнјр жайын натыйжалуу

иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жјніндј

«Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгарууга, сактоого жана сатууга

мамлекеттик монополия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

аткарылышын камсыз кылуу, спирт жана алкоголдук продукцияларды

чыгаруу, салык, камсыздандыруу жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча

2005-жылга белгиленген божомолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Салык жана бажы төлөмдөрүн эске алуу менен ташылуучу товардын

бажы наркынын өлчөмүндө депозитти борбордук бажы органынын эсебине

киргизүү шартында гана 2005-жылдын 1-июнунан тартып спирт жана

алкоголдук продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзити

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын уруксаты боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясы Бишкек жана Ош шаарларында акциздик маркалар менен

маркировкаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бажы аймагына

алып келинген алкоголдук продукцияны бажылык тариздөө үчүн убактылуу

сактоонун адистештирилген кампаларын түзүүгө Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык эки айлык мөөнөттө тендер өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык түзүлгөн убактылуу сактоо

кампаларын кошпогондо өткөрүү пункттарында жана терминалдарда акциздик

маркалар менен маркировкаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны

бажылык тариздөөгө 2005-жылдын 1-августунан тартып тыюу салуу

киргизилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн

жоготту деп табылсын:

- 2004-жылдын 18-майындагы № 368 «Ликер-арак продукцияны жана

йоддолгон тузду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча кошумча

коргоочу чараларды киргизүү жөнүндө»;

- 2004-жылдын 27-июлундагы № 558 «Кыргыз Республикасынын аймагында

чыгарылуучу, импорттолуучу жана сатылуучу ликер-арак ичимдиктерине

жана фасовкаланган йоддолгон тузга коргоочу голографиялык маркаларды

колдонуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу»;

- 2004-жылдын 30-октябрындагы № 797 «Ликер-арак продукцияларын

жана йоддолгон тузду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча кошумча

коргоочу чараларды киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 18-майындагы № 368 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу»;

- 2004-жылдын 16-ноябрындагы № 841 «Кыргыз Республикасынын

аймагында чыгарылуучу, импорттолуучу жана сатылуучу ликер-арак

ичимдиктерине жана фасовкаланган йоддолгон тузга коргоочу

голографиялык маркаларды колдонуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү

тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы №

558 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө».

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр К.Бакиев
