# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 199 "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу жөнүндө 1990-жылдьш 29-майындагы макулдашууга түзөтүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 199 "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу жөнүндө 1990-жылдьш 29-майындагы макулдашууга түзөтүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10736/edition/325161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 199 "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу жөнүндө 1990-жылдьш 29-майындагы макулдашууга түзөтүү тууралуу" токтому (01.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56332

---

Бишкек шары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1 июну № 199

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ӨКМӨТҮ

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу

жөнүндө 1990-жылдьш 29-майындагы макулдашууга түзөтүү

тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү

банкын уюштуруу жөнүндө макулдашуунун 56 жана 61-статъяларына ылайык

алуучу-өлкө катарында Монголия Республикасын кабыл алууну караган,

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу жөнүнде 1990-

жылдын 29-майындагы макулдашууга түзөтүү киргизүүгө макулдук берүү

тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар

кењешинин 2004-жылдын 30-январындагы чечиминин негизинде Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу женүндө

макулдашууга тиркелген түзөтүү жактырылсын.

2. "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу жөнүндө

макулдашууга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

3. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилсин.

4. Кыргыз Республикасынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү

банкынын башкаруучусу жана башкаруучусунун альтернаты (макулдашуу

боюнча) көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү

болуп дайындалсын.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 1 –июндагы

№ 199 токтому менен жактырылган

Европа реконструкциялоо жана өкүктүрүү банкын уюштуруу

жөнүндө макулдашууга түзөтүү

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу женүндө 1990-

жылдын 29-майындагы макулдашуунун 1-статьясы төмөнкүдөй редакцияда

берилсин:

«1-статья. Максаты

Банктын максаты экономикалык прогресске жана реконструкциялоого

салым кошуу менен рынокко багытталган ачык экономикага өтүүгө, ошондой

эле көп партиялуу демократия, плюрализм жана рынок экономикасынын

принциптерине берилген жана аларды турмушка ашырган Борбордук жана

Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жеке жана ишкердик демилгелерди өнүктрүүгө

көмөктөшүү боллуп саналат. Банктын максаты Монголия Республикасында да

ушундай эле шарттарда жетишилиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу ушул

Макулдашуудагы жана анын «Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү»,

«Борбордук жана Чыгыш Европадан өлкөлөр», «алуучу-өлкө (же алуучу-

өлкөлөр)» же «алуучу-өлкө, Банктын мүчөсү (же алуучу өлкөлөр, Банктын

мүчөлөрү)» тиркемелериндеги бардык шилтемелер Монголия Республикасына

карата да тиешелүү болот».
