# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-майынын № 195 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-майынын № 195 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10732/edition/325154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-майынын № 195 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (15.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56328

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 15-ноябрындагы № 527 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 31-майы № 195

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз

Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу

өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги

Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын

түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги №

133 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-

сынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына кийин өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын

Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым

укуктуу өкүлүнүн аппаратын күтүүгө каражат издеп тапсын жана карасын.

2. "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну

тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна № 1 тирке-

меге толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 198-позиция менен толукталсын:

"

| 198 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз | 1 | 1 |
| --- | --- | --- | --- |
|  | Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым |  |  |
|  | укуктуу өкүлү |  |  |

"Бардыгы" позициясында "5902", "65" деген сандар тийиштүүлүгүнө

жараша "5903" жана "66" деген сандар менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Ош облусу-

нун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын

Президентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым

укуктуу өкүлүнүн аппаратын жайгаштыруу үчүн зарыл кызматтык жайларды

бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин.

Премьер-министр К.Бакиев
