# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылынын 7-майынын № 179 "Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жана мурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынын аманатчыларын социалдык колдоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылынын 7-майынын № 179 "Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жана мурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынын аманатчыларын социалдык колдоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10717/edition/325126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылынын 7-майынын № 179 "Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жана мурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынын аманатчыларын социалдык колдоо жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56305

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 7-майы № 179

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ,

"Меркюри" АКБ жана мурдагы "Кыргызэлбанк"

(мурдагы - Кыргызстан Республикасынын

граждандарынын аманаттарын сактоо

жана кредиттөө банкы) коммерциялык

банктарынын аманатчыларын

социалдык колдоо

жөнүндө

Банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБ, "Инсан" АКБ, "Меркюри" АКБ жана

мурдагы "Кыргызэлбанк" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын гражданда-

рынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) коммерциялык банктарынын

улгайган курактагы аманатчыларына - жеке адамдарга 1941-1945-жылдардагы

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгын алдыдагы майрамдоого

байланыштуу социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Банкрот болгон коммерциялык

банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө"

2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурдагы - Кыргыз Республикасынын гражданда-

рынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдында-

гы карызы жөнүндө" 2003-жылдын 1-августундагы № 480 токтомдоруна ылайык

чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды алар боюнча 1939-жылга чейин

төрөлгөн (аларды кошо алганда) аманатчыларга - жеке адамдарга

төлөнбөгөн калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда төлөөнү жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Банкрот болгон коммерциялык

банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө"

2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурдагы - Кыргызстан Республикасынын граж-

дандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын ал-

дындагы карызы жөнүндө" 2003-жылдын 1-августундагы № 480 токтомдоруна

ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда төлөө

үчүн акча каражаттарын кароо менен "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга

республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белги-

ленген тартипте өзгөртүү киргизсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
