# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 12-майынын № 184 "Коомдук кабылдама жана "ишеним телефону" жӨнүндӨ" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 12-майынын № 184 "Коомдук кабылдама жана "ишеним телефону" жӨнүндӨ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10715/edition/360665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 12-майынын № 184 "Коомдук кабылдама жана "ишеним телефону" жӨнүндӨ" токтому (25.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56303

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-майы, № 184

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

Коомдук кабылдама жана "ишеним телефону" жӨнүндӨ

Коррупцияга каршы күрӨшүүдӨ оперативдүү чечим кабыл алуу жана

чараларды кӨрүү, адам укуктарын коргоо жана жарандардын сунуштарын,

арыздары менен даттанууларын Өз учурунда кароо максатында Кыргыз

Республикасынын ӨкмӨтү токтом кылат:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар жана жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдары:

- коомдук кабылдамаларды түзүшсүн жана аларда "ишеним телефондору-

нун" номерлерин аныкташсын;

- коомдук кабылдамаларды бекитилген сметаларынын чектеринде кызмат-

тык жайлар - телефон байланыш каражаттары жана зарыл сарптоо материал-

дары менен камсыз кылышсын;

- коомдук кабылдамалар жайгашкан жерлерди жана "ишеним телефондору-

нун" номерлерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялашсын;

- телефондук жана башка билдирүүлӨргӨ Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык ыкчам жана Өз учурунда мамиле кылышсын;

- ӨзүлӨрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык

келтиришсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен

бӨлүмдӨрүнӨ жүктӨлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
