# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10713/edition/1165273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56296

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 6-майы N 177 Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 119, 2022-жылдын 31-майы № 291 токтомдорунун редакциясына ылайык) Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн бирдей тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү компетенциясына кирген тийиштүү атайын укуктуу органдар жогоруда көрсөтүлгөн иштерди аткарууда Жобонун талаптарын катуу сакташсын.

2-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз убагында тиешелүү маалыматты өздүк расмий сайтында жайгаштырсын.

22. Ушул Жобонун ченемдери “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жерге мунапыс колдонулуучу объекттерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менчик укуктарын бекиткенде, жер участокторуна колдонулбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 119, 2022-жылдын 31-майы № 291 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

К.Бакиев
