Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 января 2006 года №32 "Вопросы Службы финансовой полиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-01-20.
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 27-апрелиндеги
№ 169 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Финансылык полиция башкармасы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция
башкармасы (мындан ары - Финансылык полиция) Кыргыз Республикасынын ат-
каруучу бийлик системасындагы мамлекеттик, укук коргоо органы, ал юри-
дикалык жактын статусуна ээ, анын иши финансылык-экономикалык, корруп-
циялык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга, аларды табууга
жана бөгөт коюуга багытталган.
2. Өз ишинде Финансылык полиция органдары Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республика-
сынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке
алат.
II. Финансылык полициянын
негизги милдеттери
3. Финансылык полициянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
1) ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттин экономикалык кооп-
суздугун, коомдун, ишкердик субъекттеринин мыйзамдуу укуктарын жана та-
ламдарын камсыз кылуу;
2) финансы-экономикалык, коррупциялык кылмыштар боюнча алгачкы
текшерүүнү жана тергөөнү жүргүзүү;
3) кызмат адамдары өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен экономи-
калык ишке мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн же ишкерликке тоскоолдук кылышынын
фактыларынын алдын алуу, аларды табуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды
иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
4) кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу
(адалдоо) фактыларына каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана
жүзөгө ашыруу;
5) Финансылык полиция органдарынын карамагына кирген маселелер бо-
юнча эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
III. Финансылык полициянын функциялары
жана милдеттери
4. Финансылык полиция өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде
төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Финансылык полициянын аймактык органдарынын ишинин негизги ба-
гыттары боюнча алардын аракеттерине жетекчиликти, координациялоону жана
макулдашууну камсыз кылат;
2) Финансылык полиция органдарынын изин суутпай издөө жана тергөө
ишинин практикасын талдайт;
3) экономикалык, финансылык жана коррупциялык кылмыштарга каршы
күрөшүү формаларын жана ыкмаларын өркүндөтөт, изин суутпай издөө ишинин
тактикасын жана методикасын аныктайт, Финансылык полиция органдарынын
ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана
турмушка ашырат;
4) Финансылык полиция органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарын
аныктайт; аларды турмушка ашыруунун укуктук, уюштуруу жана экономикалык
механизмдерин иштеп чыгат;
5) Финансылык полициянын аймактык органдарынын кадрларын тандоону,
жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
6) Финансылык полиция органдарына жүктөлгөн милдеттерди турмушка
ашырат, аларды Финансылык полициянын аймактык органдары аткарышына
контролдук кылат;
7) эсепке алууну жана отчеттуулукту, иштердин жана оперативдүү,
тергөө, эксперттик жана кадр ишинин материалдарынын абалына баа
берүүнүү уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн ыйгарым
укуктарынын чектеринде нормативдик укуктук актыларды кабыл алат;
9) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырат, ошондой эле уюштурууну
камсыз кылат жана Финансылык полициянын аймактык органдары көрсөтүлгөн
ишти жүзөгө ашырышына контролдук кылат жана аларга практикалык жана ме-
тодикалык жардам берет;
10) төмөнкү издөөлөрдү жүзөгө ашырат:
Финансылык полиция органдарынын карамагына кирген жазык иштери бо-
юнча жактарды;
соттун токтому боюнча мамлекеттин таламында коюлган тиешелүү доо-
лор боюнча жоопкерлердин турган жери белгисиз болгон учурда аларды;
11) экономикалык, финансылык жана коррупциялык кылмыштарга жана
укук бузууларга каршы күрөшүү маселелери боюнча КМШга катышуучу
өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенет, өз ыйгарым
укуктарынын чектеринде эл аралык уюмдардын ишине катышат;
12) экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн
абалы жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдарга маалымдайт;
13) бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик каражаттарды
максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, алар боюнча эсепке
алууну жана отчеттуулукту, ошондой эле Финансылык полициянын аймактык
органдарынын финансы-чарбалык ишине ички ведомстволук контролдукту
жүзөгө ашырат;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен өзүнө жүктөлгөн башка
функцияларды жүзөгө ашырат.
5. Финансылык полиция өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө
укуктуу:
1) Финансылык полиция органдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу
жөнүндө, ошондой эле Финансылык полиция органдарын уюштуруу-штаттык,
кадрдык жана материалдык-техникалык жактан чыњдоо маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
2) мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери
жана Финансылык полиция органдарынын ишине тиешелүү болгон башка масе-
лелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга
катышууга;
3) өндүрүштө болгон материалдар жана жазык иштери боюнча документ-
терге, материалдарга, статистикалык маалыматтарга жана башка маалымат-
тарга жеткиликтүүлүккө ээ болууга, ошондой эле аларды берүүнү уюмдардын
жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, жеке жактардан талап кы-
лууга, алардан көчүрмөлөрдү алууга, түшүнүктөрдү алууга;
4) өндүрүштө болгон жазык иштери боюнча чакыруу менен келүүдөн
качкан адамдарды алып келүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доку-
менттерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү алып коюуга же алып
коюуну жүргүзүүгө;
6) Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү программа-
ларын иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым
укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан текшерүүлөрдү, аудитти жана
баа берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга;
8) Финансылык полиция органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү
камсыз кылуучу маалымат системасын түзүүгө жана пайдаланууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды
жүзөгө ашырууга.
IV. Финансылык полициянын мүлкү
6. Өзүнчө мүлк Финансылык полицияга оперативдүү башкаруу укугунда
бекитип берилет.
7. Финансылык полиция ага бекитип берилген мүлктү өз алдынча ажы-
ратууга же башкача ыкма менен тескөөгө акысыз.
Финансылык полицияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген учурларда жана чектерде мүлктү тескөө укугу берилиши мүмкүн.
V. Финансылык полициянын ишин уюштуруу
8. Финансылык полицияны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
менен кењешүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайын-
дап жана бошото турган директор жетектейт.
Директордун эки, анын ичинде бир биринчи орунбасары болот, алар
директордун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тара-
бынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
9. Директор Финансылык полициянын ишин уюштурат жана жетектейт, өз
компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана Финансы-
лык полициянын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
10. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- Финансылык полицияга жетекчилик кылат;
- бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда Финансылык полиция-
нын атынан чыгат;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Финансылык полициянын борбор-
дук аппаратынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн структурасын жана штат-
тык санын бекитет;
- Финансылык полиция органдарынын катардагы, кенже, орто жана улук
башкаруу курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бо-
шотот;
- өзүнүн орунбасарларынын, Финансылык полиция органдарынын
бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин укуктары менен милдеттенмелерин аныктайт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансылык полиция органдары-
нын аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана
көрсөтмөлөрдү берет;
- Финансылык полиция органдарынын кызматкерлерине жогорку атайын
наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кирги-
зет;
- мыйзамда белгиленген тартипте Финансылык полиция органдарынын
кызматкерлерин сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү маселесин чечет жана
тартип жазасын колдонот, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого
жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат.
11. Финансылык полицияда жети кишиден турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын жекече курамы орунбасарлардан, Финансылык полициянын
бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлүнөн туруп,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
VI. Финансылык полицияда кызмат өтөө
12. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция орган-
дарында кызмат орундарын ээлеген адам болуп саналат, аларга белгиленген
тартипте атайын наамдар ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка дайындалган аскерге милдеттүүлөр
белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана Финансылык поли-
цияга каттоого турушат.
13. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн тартибин Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү белгилейт.
VII. Финансылык полициянын кызматкерлерин
укуктук жактан коргоо
14. Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ат-
карууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин
коргоосу астында болот.
15. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптары
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандар менен кызмат адамдарынын ат-
карышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
16. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын
аткарбай коюу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жолтоо болгон
аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жо-
опкерчиликке кириптер кылат.
17. Финансылык полициянын кызматкерлерине өз милдеттерин аткарууга
жолтоо кылуу, алардын абийирин жана ар-намысын мазактоо, коркутуу, кар-
шылык көрсөтүү, зомбулук кылуу же алардын кызматтык милдеттерин аткару-
усу менен байланыштуу анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол са-
луу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып
келет.
VIII. Финансылык, материалдык-техникалык
жактан камсыз кылуу
18. Финансылык полициянын ишин каржылоо республикалык бюджеттен
жүргүзүлөт.
19. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлернне Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө азык-түлүк паегу үчүн компенса-
ция төлөнөт.
IX. Финансылык полициянын кызматкерлеринин укукка каршы
аракеттери үчүн жоопкерчилиги, финансылык полиция
органдарынын ишине контролдук кылуу жана
көзөмөлдүк жүргүзүү
20. Финансылык полиция кызматкерлери укукка каршы аракеттери үчүн
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тар-
тат. Финансылык полициянын кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери ме-
нен жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыян
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулуу-
га тийиш.
Финансылык полиция кызматкерлеринин аракеттерине жарандар жана
юридикалык жактар Финансылык полициянын жогору турган органына же сотко
даттана алат.
21. Финансылык полиция органдарынын ишине контролдукту Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү жүргүзөт.
Финансылык полиция органдарынын мыйзам актыларын так жана бир
түрдүү аткарышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана
ага баш ийген прокурорлор ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелинин № 169 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасы жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2005 · № 169 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2006 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон