# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 14- апрелинин № 156 "КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кеңешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечимин бекитүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 14- апрелинин № 156 "КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кеңешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечимин бекитүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10700/edition/325092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 14- апрелинин № 156 "КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кеңешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечимин бекитүү тууралуу" Токтому (14.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56275

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-апрели № 156

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин 2000-жылдын

30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар

келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын

Экономикалык кењешинин 2004-жылдын

3-декабрындагы чечимин

бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-

гыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык, КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин

2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чык-

кан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын

Экономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечиминин 4-пунктуна

ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы

чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эреже-

сине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кењешинин

2004-жылдын 3-декабрындагы чечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына Кыргыз Респуб-

ликасында товарлардын келип чыгышын ырастоочу сертификаттарды берүүдө

көрсөтүлгөн Чечимди жетекчиликке алуу сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдин

күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз

Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шерик-

тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана

соода министрлиги Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышын

кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоо менен ага жалпы конт-

ролдукту камсыз кылат.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр К.Бакиев
