Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 14- апрелинин № 156 «КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кеңешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечимин бекитүү тууралуу» Токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-апрели № 156
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин 2000-жылдын
30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар
келип чыккан өлкөнү аныктоонун эрежесине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын
Экономикалык кењешинин 2004-жылдын
3-декабрындагы чечимин
бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-
гыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык, КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин
2000-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Товарлар келип чык-
кан өлкөнү аныктоонун эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын
Экономикалык кењешинин 2004-жылдын 3-декабрындагы чечиминин 4-пунктуна
ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. КМШнын Өкмөт башчыларынын кењешинин 2000-жылдын 30-ноябрындагы
чечими менен бекитилген Товарлар келип чыккан өлкөнү аныктоонун эреже-
сине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КМШнын Экономикалык кењешинин
2004-жылдын 3-декабрындагы чечими (мындан ары - Чечим) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына Кыргыз Респуб-
ликасында товарлардын келип чыгышын ырастоочу сертификаттарды берүүдө
көрсөтүлгөн Чечимди жетекчиликке алуу сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдин
күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз
Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шерик-
тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышын
кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоо менен ага жалпы конт-
ролдукту камсыз кылат.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон