# Постановление Правительства КР от 12 апреля 2005 года N 152 "О мерах по стабилизации ситуации, сложившейся в связи с самовольным захватом земель города Бишкек и прилегающих территорий Чуйской области"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10692/edition/1149614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 12 апреля 2005 года N 152 "О мерах по стабилизации ситуации, сложившейся в связи с самовольным захватом земель города Бишкек и прилегающих территорий Чуйской области" (12.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56263

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-апрели N 152

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардын

жанындагы жерлерин өз эркинче ээлеп

алууга байланышкан абалды жайгаруу

боюнча чаралар жөнүндө

Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүгө байланышкан

маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле жерлерди өз эркинче зэлеп алуудан

чыккан проблемаларды чечүү, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардын

анын жанындагы жер участокторун сарамжалдуу пайдаланууну андан аркы

тартипке келтирүү жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмшөтү токтом кылат:

1. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ко-

миссия жана Кыргыз Республикасынын Өкмө- түнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство менен бирдикте Бишкек ша-

арынын жанындагы жер участокторду кийин өзүмдүк турак үйлөрдү курууга

берүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн инвентаризацияласын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-

туу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча

мамлекеттик агентство жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте төмөнкүлөргө инвен-

таризация жүргүзүшсүн:

- курулуштун бардык түрлөрү үчүн берилген жер участокторун, анын

ичинде турак жай массивдердеги курулуш курулбаган жер участокторду ин-

вентаризацияласын жана турак жай массивдерди көп кабаттуу турак үйлөрдү

куруу үчүн тыгыздаштыруу боюнча сунуштарды беришсин;

- Бишкек шаарынын аймагындагы курулуп бүтпөгөн объекттерди инвен-

таризациялашсын жана аларды андан аркы пайдалануу боюнча сунуш кирги-

зишсин;

3. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардын жанындагы жерлерин

өз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жайгаруу боюнча мамлекеттик

комиссия Токомбаев көчөсүнүн жанындагы жер участокторун берүү боюнча

материалдарды изилдесин жана аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайда-

лануу боюнча сунуш киргизсин.

4. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясы арыздарды ыкчам кароо жана өзүмдүк үй куруу үчүн жер учас-

токторун алууга укуктуу жарандардын тизмелерин түзүү үчүн жумушчу топ-

торду (штабдарды) уюштурушсун.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство Кыргыз Республикасынын Ички

иштер министрлиги менен бирдикте жарандардын өзүмдүк үй куруу үчүн жер

участогун алууга тизмелерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексииин

32-статьясына ылайык текшерсин.

6. Өзүмдүк турак жай куруу үчүн жер участогун алууга тизмеге кир-

гизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы жумушчу топторго

(штабдарга) төмөнкүдөй документтерди тапшырышат:

- Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчыларынын атына

арыз;

- иштеген жеринен өтүнүч кат, мында өтүнүч катка ИННди эске алуу

менен мөөр коюлат;

- туруктуу иштеген жери жок болсо - ишке орноштуруу бюросунун жу-

мушсуздук статусу жөнүндө маалымкаты;

- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

- ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жер участогу жана турак үйү

жоктугу жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берүүчү маалымкат.

Жогоруда саналган документтерди берүүчү адамдар алардын тууралыгы

үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликте бо-

лушат.

7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү мам-

лекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

менен бирдикте:

- жерлерди өз эркинче ээлеп алууга байланышкан мыйзамсыз аракет-

тердин уюштуруучуларын аныктоо боюнча, ошондой эле өз эркинче ээлеп ал-

ган жерлерди бошотпогон адамдарга карата Кыргыз Реслубликасынын мыйзам-

дарына ылайык чара көрсүн;

- иш-аракеттери айыл чарба жерлеринин жана башка жерлердин бузулу-

шуна, ошондой эле айыл чарбалык өсүмдүктөрдүн жана көп жылдык

өсүмдүктөрдүн бузулушуна алып келген адамдарга карата чара көрсүн;

- өз эркинче ээлеп алынган жер участокторуна курулуш материалдарды

ташып келүүгө жана түшүрүүгө жол бербесин.

8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги ээлеп алынган жер участокторго изилдөө жүргүзсүн жана

айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолору жана

көп жылдык өсүмдүктөр бузулушуна байланышкан чыгашаларынын өлчөмдөрүн

аныктасын.

9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик

комиссия бир жумалык мөөнөттө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаар-

дын жанындагы жерлерин өз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жай-

гаруу боюнча мамлекеттик комиссиянын кароосуна турак жай курууга байла-

нышкан маселелерди ипотекалык кредит берүү шартында чечүү боюнча сунуш

киргизсин.

10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мамлекеттик, му-

ниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторду мыйзамсыз ээлеп

алуунун фактыларын ыкчам кароо жана мындай мыйзамсыз аракеттерге тиеше-

си бар адамдарга карата прокурордук таасир этүү актыларын чыгаруу менен

профилактикалык ишти активдештирүү сунушталсын.

11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана

бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
