Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Согуш жана эмгек ардагерлерине бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө» (Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-апрелиндеги № 148
токтому менен бекитилген
Согуш жана эмгек ардагерлерине бир жолку
юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөп
берүүнүн тартиби жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-мартындагы
"1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык
жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" № 63 Жарлыгына ылайык
2005-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын 9-майга
карата төлөнүүчү төлөмдөр менен катар бир жолку юбилейлик жөлөкпул
төлөнүп берилет.
2. Бир жолку юбилейлик жөлөкпул республикалык бюджеттин каражатта-
рынан төмөнкүдөй төлөнөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына - 10000 (он мињ) сом
өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 8000 (сегиз мињ)
сом өлчөмүндө;
- 2000 (эки мињ) сом өлчөмүндө:
- курман болгон (дайынсыз жоголгон) жоокерлердин жесирлерине;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тылдагы каарман эмгеги жана
кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен
сыйланган адамдарга;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин
блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана
уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен
сыйланган адамдарга жана "Блокадалык Ленинграддын жашоочусу" белгиси
менен сыйланган адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек
армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизациялоого дуушарланган жана
кийин реабилитацияланган адамдарга;
- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаш-
тары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбур-
лап кармоо жерлеринин жашы жетпеген туткундары болгон адамдарга.
3. Бир жолку юбилейлик жөлөкпул жыл сайын 9-майга карата төлөмдөр
сыяктуу эле, пенсия берүүчү ведомствосуна карабастан райондук социалдык
коргоо кызматтарынын тизмелери боюнча аймактык байланыш бөлүмдөрү аркы-
луу төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир жолку юбилейлик
жөлөкпул төлөө үчүн облустар боюнча берилген эсептерге ылайык байланыш
кызматтарын эсепке алуу менен ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык Эмгек
жана социалдык жактан коргоо министрлигине кредиттерди ачат.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлиги көрсөтүлгөн жөлөкпулдарды төлөө үчүн "Кыргыз почтасы" мамле-
кеттик ишканасынын шаардык жана райондук филиалдарына финансы каражат-
тарын которот.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара
кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык аткаруу
башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырда-
алдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү кызматы жана Кыргыз Республи-
касынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине
2005-жылдын 1-апрелине чейин республиканын райондору боюнча бир жолку
юбилейлик жөлөкпул алууга укуктуу согуш жана эмгек ардагерлеринин тиз-
мелерин беришет.
7. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги өз кезегинде күч
структуралары тарабынан берилген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерле-
ринин тизмесин бир жолку юбилейлик жөлөкпул төлөп берүү үчүн областтык
социалдык коргоо башкармалыктарына жана Ош менен Бишкек шаарларынын со-
циалдык коргоо башкармалыктарына аларды райондук социалдык коргоо кыз-
маттарына өткөрүп берүү максатында жиберет.
8. Жер-жерлерде социалдык коргоо башкармалыктары байланыш
бөлүмдөрү боюнча бир жолку юбилейлик жөлөкпул алуучулардын ведомостто-
рун түзүшөт.
9. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш филиалдары социалдык коргоо
башкармалыктарына, облустук жана Бишкек шаардык башкармалыктарына, ал
эми алар өз кезегинде бюджеттик каражаттар боюнча "Кыргыз почтасы" мам-
лекеттик ишканасынын филиалдарынын, жөлөкпулдарды чегерүү жана төлөп
берүү борборлору менен салыштырып текшерилген актыларын тиркөө менен
Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине отчет беришет.
10. Байланыш филиалдары бир эле мезгилде "Кыргыз почтасы" мамле-
кеттик ишканасынын облустук филиалдарына отчет беришип, жалпыланган ма-
алыматты "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына жиберишет, алар Кыргыз
Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет бе-
ришет.
11. Кыргыз республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги жүргүзүлүп жаткан төлөмдөр тууралуу жума сайын 2005-жылдын 20-ию-
луна чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлигине отчет берип турат.
12. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлиги 2005-жылдын 1-августуна Кыргыз Республикасынын Финансы ми-
нистрлигине республиканын облустары боюнча бир жолку юбилейлик
жөлөкпулдардын төлөнүшү тууралуу отчет берет.
13. Бир жолку юбилейлик жөлөкпул алуучу 2005-жылдын 1-мартынан
31-майына чейин каза тапкан учурда анын үйбүлө мүчөлөрү ушул мезгилдин
ичинде кайрылган шартта жөлөкпул аны менен чогуу жашаган үйбүлө
мүчөлөрүнө төлөнүп берилет.
14. Бул Тартип 2005-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
15. "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгек-
чилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында жыл сайын
9-майга карата төлөмдөр 1996-жылдын 15-апрелиндеги "Согуштун жага эм-
гектин ардагерлерине жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулдарды төлөп
берүү тартибине" ылайык жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелинин № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-мартындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун…Постановление · 01.04.2005 · № 148 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2- мартын №63 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар…Указ · 02.03.2005 · № 63 · Күчүн жоготкон