# Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген

- Толук аталышы: Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2223/edition/858969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56252

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 23-мартындагы № 145

токтому менен бекитилген

Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу

компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу

ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 26-ноябрындагы № 644 токтомунун

редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1.1 Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны

эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз

Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Мыйзамынын 33-1-статьясына ылайык иштелип чыккан.

1.2 Бул Жобо пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенса-

цияны (мындан ары - компенсация) эсептөө жана төлөө тартибин аныктайт.

1.3 Компенсациялар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык чектел-

ген курагы боюнча пенсия алгандарга төмөнкүдөй эсептелинет жана төлөнүп

берилет:

2005-жылы - 1999-жылы дайындалган пенсиялар үчүн;

2006-жылы - 2000-2001-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн;

2007-жылы - 2002-2005-жылдарда дайындалган пенсиялар үчүн;

2008-жылы - 2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 644 токтомунун редакци-

ясына ылайык)

1.4 Компенсациялар төмөнкүлөргө эсептелет жана төлөнүп берилет:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында катталган

жана курагы боюнча пенсия алуучу пенсионерлерге;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298

токтому менен бекитилген № 2 Тизме боюнча Кыргыз Республикасынын Соци-

алдык фондунун органдарында пенсия алуучу адамдарга, текстиль

өндүрүштөрүнүн жумушчуларына жана "РЕSАС" программасына кирген ишкана-

ларда жана "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттар-

да жана өлчөмдөрдө, компенсацияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы №

827 токтомуна ылайык укук улантуучусуз жана каражаттарын капиталдаштыр-

бастан 1996-жылга чейин жоюлган ишканаларда талап кылынуучу стаж өтөгөн

адамдарга;

- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жоюлушуна, кайра уюштуру-

лушуна, штаттардын санынын кыскарышына байланыштуу иштен бошогондугу

боюнча пенсия алуучу адамдарга;

- иш берүүчүлөрдүн каражаттарынан N 2 тизме боюнча, текстиль

өндүрүштөрүнүн кызматкерлерине жана ишинин өзгөчө шарттары үчүн (аба

унааларын башкарган адамдарга жана диспетчердик күбөлүктөрү бар жана

жарандык авиациянын курамындагы инженердик-техникалык кызматкерлерге)

пенсия алуучу адамдарга.

1.5 Компенсацияларды төлөө боюнча каражаттарды каржылоо Кыргыз

Республикасынын Социалдык фондуна берилген, стратегиялык ишканалардын

акцияларынын дивиденддеринен же акцияларынан түшкөн каражаттардан, ал

эми ал каражаттар жетишпеген учуларда компенсацияны төлөө Пенсиялык

фонддун каражаттарынан жүргүзүлөт.

II. Компенсациянын өлчөмүн эсептөөнүн тартиби

2.1 Компенсациянын өлчөмү "КВ" төмөнкү формула боюнча аныкталат:

КВ = (В - А) х И х 4, мында

КВ - компенсациянын өлчөмү;

В - 94 Соц формасындагы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалы-

маттарына ылайык компенсация төлөнүүчү жылдын 1-январына карата абал

боюнча республикадагы курагы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү (электр

энергиясына төлөнүүчү компенсацияны кошпогондо);

А - 94 Соц формасындагы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалы-

маттарына ылайык курагы боюнча пенсия дайындалган жылдын 1-январындагы

абал боюнча республикадагы курагы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү

(электр энергиясына төлөнүүчү компенсацияны кошпогондо);

И - пенсия чектелген айдан кийинки айдан тартып компенсация төлөн-

гөн жылдын тийиштүү айынан мурунку айга чейинки мезгил үчүн инфляциянын

коэффициенти. Мында төлөп берүү жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

менен белгиленет;

4 - пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсация

төлөнүүчү айлардын мыйзамда белгиленген саны.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 644 токтомунун редакци-

ясына ылайык)

2.2 Компенсацияларды эсептөө үчүн республикадагы курагы боюнча

пенсиянын орточо өлчөмү тийиштүү жылдын 1-январындагы 94-Соц формасын-

дагы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалыматына ылайык алынат.

2.3 Компенсацияны эсептөө үчүн инфляциянын дењгээли жөнүндө маалы-

мат Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалымат-

тарынын негизинде алынат.

III. Компенсацияны төлөп берүү тартиби

3.1 Компенсацияларды эсептөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-

дунун уюмдары тарабынан ушул Жобонун 1.4.пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-

дын пенсиялык иш кагаздарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.

3.2 Эсептелген компенсация бир жолу төлөнүп берилет.

3.3 Дайындалган компенсациялар пенсия дайындалган айына тиешелүү

айда төлөнүп берилет.

3.4 Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында каттал-

ган жана курагы боюнча пенсия алуучу пенсионерлерге компенсацияны төлөп

берүү пенсия алган жеринен жүргүзүлөт.

3.5 № 2 тизме боюнча иш берүүчү тарабынан пенсия дайындоодо жана

төлөөдө текстиль өндүрүштөрүнүн кызматкерлерине жана ишинин өзгөчө

шарттары үчүн (аба унааларын башкарган адамдарга жана диспетчердик

күбөлүктөрү бар жана жарандык авиациянын курамындагы инженердик-техни-

калык кызматкерлерге) компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Со-

циалдык фондунун органдарында ушул Жобонун 3.2 жана 3.3-пункттарына

ылайык жүргүзүлөт.

3.6. Пенсионер каза болгон учурда алынбай калган компенсация Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурасчыларына

төлөп берилет.
